Шайтан-шабырларга куран окуган секс-бомба экс-муфтий эмнеге азыркы бийликке үйрүлө түшүп калат?
Кыска-нуска  |   |  5486

Куран-ал-Каримде шайтандарга куран окуу боюнча көрсөтмө берилген эмес. Куранды так сактабай секс-бомба болгондуктан муфтийликтен ажырап, эмки бийликтен «эттүү устукан» күтүп жаткан Рахматулло ажы «Ата-Бейитке» президент Садыр Жапаров менен куран окутканы барат. Аны менен кошо «свиталары»: президенттик аппарат жетекчиси Касмамбетов, бийликтин «кошелогу» Арзыбек Бүркхановдор барып куранды секс-бомба экс-муфтий Рахматулло окуп, батага кол сунулганда Мухаммед алейхи салам, сахабалары менен кошо шайтан-шабырларга куранын багыштап жиберет.

- Ой, сен куранды жин-шайтандарга да багыштап жибердиң го? – дейт президент Садыр Жапаров.

- Ооба, досторду баардык жерден күтүшүбүз керек. Кокустан тозокко түшүп калсак шайтан-шабырлар келсе, силерге дайыма куран окучубуз деп колтугуна кире качканга жакшы эмеспи. – дейт имиш секс-бомба экс-муфтий Рахматулло.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями