www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чаткалда алдын кенин иштеткен «Вертекс Голд» ишканасы боюнча убактылуу комиссия түзүү тууралуу сунуш айтылды. 24-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты Тариел Жоробеков маселени күн тартибине киргизүү тууралуу билдирди:

«Республика – Ата Журт» фракциясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламентинин 18-главасынын убактылуу комиссия түзүү тууралуу 107-беренесинин негизинде чечими: «Чаткал районунда «Вертекс Голд» ишканасынын жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдаланып, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процессинин коопсуздугун сактоо жана экологияга таасирди иликтөө боюнча маселени киргизүү. Ушул маселени бүгүнкү күн тартибине киргизүүнү өтүнөм».

«Вертекс Голд» ишканасы 2011-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Жамгыр кенин иштетип келет. Жамгыр кенинде 1,5 тонна алтын жана 685 килограмм күмүштүн кору бар экени аныкталган.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган ишкана куруп жаткан калдык сактоочу жай тоо башында, агын суунун жээгинде жайгашканына байланыштуу каршылык акциялары уюштурулган

Булак: NazarNews.kg

Последние новости