Бишкек шаардык соту дагы Абдил Сегизбаевди абакта калтырды
Саясат  |   |  422

Бүгүн, 24-февралда Бишкек шаардык соту Абдил Сегизбаевдин баш коргоо чарасын карады. Анын жыйынтыгында шаардык сот Биринчи май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырып, Сегизбаевдин баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок. Бул тууралуу АКИpress агенттигине жактоочу Кантемир Турдалиев билдирди.

Буга чейин Биринчи май райондук соту Сегизбаевди 25-мартка чейин камакта калтырган. Ал УКМКнын абагына киргизилген.

Сегизбаев 25-январда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган. Анын үстүнөн 6 кылмыш иши козголгон.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями