www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Улуттук энергохолдинг» ачык акционердик коомунун жетекчиси Бакыт Сыдыков суу азайган циклдин аягына чыга электигин белгилеп, «Токтогул» гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 2022-жылы 5,5 млрд. куб метрге чейин азайышы мүмкүн экенин айтты. Ошондой эле ал бул кырдаалдан чыгуунун жолдорун да сунуштады.

«Азыр ушул бойдон кете берсек, эч кандай кадамдарга барбасак кийинки жылы 1-апрелге карата 5,5 куб метрге түшүү коркунучу бар. Биринчи кадам - өкмөттүн күз-кыш сезонуна даярдык токтомуна өзгөртүү киргизип жатабыз. Эски токтом боюнча Бишкек жылуулук электр борборунан 1 млрд. 200 млн. киловатт өндүргөн болсок, эми кошумча 2 млрд. 100 млн. өндүрүшүбүз керек. Азыр бул иштер башталды. Андан сырткары импорт боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Буга байланыштуу Казакстанга өткөн жума делегация барып келди. Алар баасын бир аз көтөрүп жатат, биз былтыркы менен калтыргыла деп жатабыз. Товар алмашуу боюнча 900 млн. киловатт саат келишим бар. Муну суу менен кайрып беребиз», - деп билдирди Сыдыков.

Белгилей кетсек, бүгүн, 24-февралда «Улуттук энергохолдинг» ачык акционердик коомунун жетекчиси Бакыт Сыдыков Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында маалымат берүүдө. Сыдыковдун айтымына караганда, суунун көлөмү 5 млрд. куб метрге жеткенде гидроэлектр станциянын ишин токтотууга туура келет.

Бул ортодо «Токтогул» гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 2021-жылдын 22-февралына карата 9,897 млрд. куб. метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын сайтында кабарланды.

Ал эми 2020-жылдын дал ушул датасында кампадагы көрсөткүч 12,745 млрд. куб метр болгон. Былтыр Кыргызстандагы бир катар коомдук уюмдар «Токтогул» суу сактагычында суу кескин азайып кеткенин билдирип, бул кышында жарыктын өчүрүлүшүнө алып келерин эскерткен.

Ошондой эле, уюм акыркы жылдары суу сактагычтагы суу белгисиз жагдайда агызылып келгенин, натыйжада жылына 5-10% кемип турганын билдирген.

Өз кезегинде экс-президент Сооронбай Жээнбеков былтыр жайында «Биринчи радиодогу» маегинде аба ырайына байланыштуу суу сактагычтарда суу аз топтолгонун, бул алдын ала божомолдонгонун маалымдаган болчу.

Өлкөдө бийлик алмашкандан кийин да өкмөт өкүлдөрү кыш мезгилинде электр энергиясын үнөмдүү пайдаланылбаса жарык маал-маалы менен өчүрүлөрүн эскертишкен. Маалым болгондой акыркы учурларда ар кайсы жерлерде жарык өчүрүлүп жатканы кабарланууда. «Токтогул» суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу өкмөт күз-кыш айларында коңшу Казакстандан кошумча электр энергиясын сатып алууда.

Расмий маалыматтарда ылайык, 2017-2018-жылдары «Токтогул» ГЭСиндеги суунун көлөмү күз-кыш мезгилине 19,2-19,6 млрд. куб метр менен кирген. 2019-жылы жайда 16 млрд. куб метр суу болсо, күзгө чейин ал 17 млрд. куб метрге жеткен.

2007-2008-жылдары болсо «Токтогулдагы» суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Суу 6 млрд. куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертишет.

Кудайдын жазган мыйзамынан чыга албаган алсыз пенде болсок да кээде аша чаап кеткен жайыбыз бар. Жаан-чачындын жер титирөө ар кандай себептер жараткандын каалоосу менен болот.

2009-10-жылдары суу тартыштыгы болоорун божомолдоп президент Курманбек Бакиевке Энергетика жана өнөр жай министри Балкыбеков кайрылып өлкө боюнча электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүп турууну сунуштаган. Президент абалдын реалдуу коркунучтуулугун көрүп макулдук берип, тактап айтсак ГЭСтер авариялык абалга жеткирбоо үчүн элге ачык айтып кышка даярдык көрүүгө чакырат… Кээ бирөөлөр азыркыга чейин шакаба иретинде акан тезек тердирген деп жүрөт. Айылда өскөн мендей карапайым адам үчүн тезек теруу аны колдонуу эч уят эмес. Азыр да тезек терип колдонуп келе жатабыз.

Бакиев кетти свет өчпөй калганы чындык. Бирок, «Токтогулда» суу толуп ашып кеткен жок. Жарыктын өчпөй калышы, кайырчы кейпин кийип Казакстандан 5 сомдон мамлекет электр энергия сатып алып жатат.

Миң кайталап айтам, эч бир бийлик «Токтогулдагы» сууну сатып жибере албайт, Алмазга окшогон элди алдагандар гана андай ушакты чыгарып алып элди алдап жүргөн.

Эгер жаман Бакиевдин тушундагы проекттерди кийинки келген апакайлар ишке ашырганда бүгүн авариялык абал деген сөздү айтпай Казакстандан электр энергиясын сатып алып кара таман элдин жонунан кайыш менен тилдирбейт элек... Аттин...

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости