www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын канцлери Ангела Меркель өлкөдө пандемиянын үчүнчү толкуну башталып жатат деп эсептейт. Ал мындай пикирин фракциялардын жыйыны учурунда билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.

"Биз азыр үчүнчү толкун менен күрөшүп жатканыбызды жашыра албайбыз", - деген ал өз сөзүндө.

Меркелдин айтымында, Германияда коронавирус менен күрөшүү боюнча жумушчу топ карантин чараларын акырындан жоюу стратегиясынын үстүнөн иштөөнү улантышы керек.

Меркель жолугушууда экономика жаатында алгач дүкөндөрдү, андан кийин ресторандар менен мейманканаларды ачуу маанилүү экендигин баса белгилеген.

Эске салсак, 16-декабрдан баштап коронавирустан улам Германияда катуу карантин күчүнө кирген. Анда азык-түлүк, тиричиликке маанилүү буюмдарды саткан дүкөндөрдөн башка бардык соода түйүндөрү жабылган. Дүкөндөрдө жана коомдук транспортто коргоочу масканы тагынуу керек. Карантин 7-мартка чейин күчүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости