www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы төрөлгөн балага сүйүнчү пул берүүнүн мөөнөтү кыскартылды. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришкендей, сүйүнчү пул буга чейин бир жыл ичинде кайрылган ата-энеге берилсе, мындан ары алты айга чейин кайрылуу керек болот.

Ноокат районунун тургуну Жазгүл Урматаева төрт ай мурун төрөлгөн баласына даге деле сүйүнчү пул алалбай убара. Ал үчүн тийиштүү жактарга бир нече жолу кайрылган. Бирок майнап чыккан эмес. Анткени адистерден жолдошунун айлык акысы балдарын каржылоого жетет деген жооп болгон. Учурда таанышы жокторго жөлөк пул эмес суйүнчү пул алуу кыйын экенин, мамлекеттик жөлөк акчасынан түңүлгөнүн айтат.

-Жолдошум экөөбүз үч төрт айдан бери чуркап, сүйүнчү пул ала албай жатабыз. Акыркы жолу барганыбызда документеринер толук эмес дешкен.Ошондон бери болду бербейт экен деп барбай койдук.

Аймактагы жашоочулар көбүнесе Жазгүл айым сымал сүйүнчү пул ала албай жаткандарын айтып келишет. Буга көпчүлүк документтерин толук тапшырбаганы себеп болсо, айрымдары убагында суйунчүнү бербей жатат дешет, кээ бирлери сүйүнчү пул такыр кабарсыз калганын айтышат.

—Бир эмес эки жолу бардым, болгон жок.Үч балама тең мамлекеттен эч нерсе алган жокмун. Ага улай сүйүнчү пулду да ала албай келем. 

—Мен төрөгөнүмө тогуз ай болду, бирок өзүм сүйүнчүнү алайын деп барган жокмун.Себеби төрт айдан кийин бербейт деп айтышкан.

Буга чейин 4 миң сомдук бир жолку жөлөк пулду алуу үчүн ымыркайдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү ата-энесинин паспорту жана жашаган жеринен маалымат кат талап кылынган. Документтерди аймактардагы калкты жана жарандык абалды каттоо департаментинин бөлүмдөрү, калкты тейлөо борборлору кабыл алышып онлайн режиминде социалдык өнүүгүү башкармалыгына түшкөн. Анын негизинде арыз он күндүн ичинде каралып наристелерге сүйүнчү пул берилип же берилбей тургандыгы белгилүү болуп келген. Эми ал талаптарга өзгөрүү киргенин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпул жана акчалай компенсация башкармалыгынын кызматкери Айкөл Турганбаева билдирди.

-Сүйүнчү пулга эки жаңы нерсе киргизилди. Биринчиси, бала алты айга төрөлгөнгө чейин кайрылуусу керек. Экинчиси, жер шартына карабастан бардык балдар төрт миң сомдон алышат.

Учурдагы кыскартылган талаптарда балага сүйүнчү алуу үчүн арыз берүүчүнүн паспорту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү жана банктык эсеби талап кылынат. Себеби  социалдык пенсия жөлөк пулдар накталай эмес банктарга которуу чечимдери кабыл алынган. Андан сырткары, жаңы төрөлгөн бардык балдарга ата-энесининин турмуш шартына карабастан 4000 сомдон берилет.

Бирок муну көпчүлүк жарандар ала албай убара болушууда. Ал эми мамлекет болжолдуу түрдө төрөлчү наристелердин санын чыгарып акча бөлөрүн мурдагы эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев айтат.

-Негизи мыйзамды кабыл алганда туура эмес кылып алган. Мисалы, бир жыл, жарым жыл деп жатып элдин башын айлантып койду. Бир жылда болжол менен 170 миң бала төрөлөт деп ошого жараша каражат бөлүнөт. Бирок ал санга жетпей калат.

Балдардын абалын жакшыртуу максатында мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндөгү мыйзамды демилгелегендердин бири эл өкүлү Карамат Орозовасүйүнчү пул алуунун өзгөрүлгөн шартына макул эместигин билдирет. Анын айтымында сүйүнчү пул баланын керегине жарасын деп берилет. Андыктан сүйүнчү наристе төрөлүшү менен төрөт үйүндө берилиши керек деп эсептейт.

-Сүйүнчү пулду бала төрөлүшү менен төрөт үйүндө бериш керек. Азыр эми банк аркылуу көпчүлүк жарандар ала албайт.Ошону үчүн накталай акча менен  бериш керек.

Эскерте кетсек, жаңы төрөлгөн балдарга сүйүнчү пул берүү боюнча мыйзам үстүбүздөг жылдын 1-январында күчүнө кирип, февраль айынан тарта бериле баштаган. Жыл башынан бери жаңы төрөлгөн 79 миңге жакын ымыркайга сүйүнчү пул берилген.

Булак: "Марал"

Последние новости