www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде Кыргыз Республикасынын маалымат жана басма сөз күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү.
2018-жылдын 6-ноябрь күнү ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Мирлан Каниметов салтанаттуу кабыл алууну өткөрүү менен салтка ылайык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн сыйлады. Иш-чарага жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, министрликтин Борбордук аппаратынын, ИИМдин ЖКККББнын, Бишкек ШИИББдин жана Чүй ОИИББдин жетекчилери менен кызматкерлери катышышты.Куттуктоо сөзү менен Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Мирлан Каниметов чыгып сөз сүйлөдү.
“Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү! Кесиптик майрамыңыздар-Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоого уруксат этиңиздер. Сиздерсиз заманбап жашоону элестетүүгө мүмкүн эмес жана маанилүү иш менен алек болуудасыздар. Бекеринен сиздерди төртүнчү бийликтин өкүлдөрү деп атаган эмес.
Сиздердин коомго, экономикага, социалдык чөйрөгө тийгизген таасириңер баа жеткис. Сиздердин иш-аракетиңер менен ички иштер органдарынын иши коом үчүн ачык-айкындуулукту камсыздоодо. Мен толук ишенем, анткени биздин бирдиктүү ишибиздин натыйжасында милиция кызматкерлеринин иши боюнча ыкчам жана так маалымат менен коомчулук камсыз болушат. Маалыматтык агенттиктер менен мезгилдүү басма сөз мекемелери милициянын ишмердүүлүгүн чагылдырууда жана калыс, позитивдүү коомдук ой-пикирди калыптандырууда маанилүү ролду ойнойт. ИИМдин жалпы жамаатынын жана жеке өзүмдүн атыман кирип келген кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, чыгармачылыгыңыздарга ийгилик, бекем ден соолук, кызыктуу маалыматтарды ар дайым чагылдырып турууңарды каалайм”-деди министрдин орун басары Мирлан Каниметов.
Ошондой эле, ички иштер органдарында көп жылдардан бери үзүрлүү, ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөгөндүгү, коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүгө кошкон зор салымы үчүн жана 2012-жылдан 2014-жылдарга чейин ИИМдин Басма сөз кызматын жетектеп, бүгүнкү күндө ардактуу эс алууга чыккан, милициянын оставкадагы полковниги Жоробай Абдраимов чакырылып ички иштер министрлигинин “Ардак” медалы, ошондой баалуу белектер менен сыйланды.
Андан сырткары, куттукттоо сөздөрү менен ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) башчысы, милициянын полковниги Канат Джумагазиев, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Сталбек Рахманов, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Самат Курманкулов чыгышып, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жылуу сөздөрүн айтышып, милициянын ишмердүүлүгүн чагылдырууда алардын орду чоң экендигин баса белгилешип, майрамдык белектерин тапшырышты.
Белгилегендей, ЖМКнын өкүлдөрүнүн талыкпас жана татаал ишинин арты менен ички иштер органдарынын жетишкендиктери коомдун сыймыгы болуп саналууда. Биз түзүмдөрдүн башчылары катары журналисттер менен байланышууда ачык-айкындуулукту камсыздоо менен бирге башкы максатыбыз болгон ички иштер органдарынын кадыр-баркын көтөрүү менен элдин ишенимин акташыбыз керек.
Салтанаттуу шартта ЖМКнын өкүлдөрү сыйланды. Тыгыз жана жемиштүү кызматташкандары жана ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн калыс, так чагылдырышкандары үчүн, ошондой эле Маалымат жана басма сөз күнүнө карата жалпыга маалымдоо каражаттарынын 200дөн ашык кызматкерлерин ИИМдин түзүмдүк жана министрликтин башка түзүмдөрүнүн сыйлыктары, акчалай сыйлыктар, белектер менен сыйланышты.
Булак: NazarNews.kg