www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2017-жылы кабыл алынган Кодекстердин пайдасынан зыяны көп. Мындай пикирди бүгүн, 21-июлда NazarNews маалымат агенттигине ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев билдирди.
- 2017-жылы кабыл алынган Кодекстердин пайдасынан зыяны көп экени күндөн-күнгө байкала баштады. Турмуш чындыгында ал кодекстер гумандуулукка багытталбай эле системаны талкалоого жол ачты дегендер көбөйдү. Чын эле 2017-жылы кабыл алынып, ишке кирген кодекстер системаны талкаладыбы?
- Мен 2016-жылы жумушсуз калып, бир жарым жылдан кийин аргасыз пенсияга чыктым. Ошондуктан, 2017-жылы кабыл алынган Кодекс менен иштебей калдым. Бирок, НПОлордун кийлигишүүсү менен демократиянын шарттарына каршы келет, адам укугун коргоого дал келбейт деген шылтоо менен кодекске чейинки эле бир канча мыйзамдарды талкалап, жокко чыгарып салышканын билем. Айтайын дегеним, НПОлор баш көтөрө баштагандан бери кылмыштуулук менен күрөшүүдө жакшы жыйынтык берген жана милициянын ишин илгерилете турган мыйзамдарды түп тамырынан бери өзгөртүп салышты. Маселен, наркомандарды союздан калган мыйзамдар боюнча биринчи жолу кармаганда акчалай айыпка жыгып же 15 суткага камачубуз. Бир жылдын ичинде экинчи жолу кармаса кылмыш иши козголуп, үч жылга чейин эркинен ажырачу. Тагыраагы, наркомандар милициялардан тызылдап каччу. 1998-жылы мыйзамдын активдүүлүгү күчөп, наркомандар көбөйө баштаганда НПОлор “норкамандарды эле камап жатасыңар” деген доомат менен мыйзамды жок кылышкан. Ошондо эмнеге актуалдуу мыйзамды жок кылышты деп таң калганбыз. Көрсө, алардын максаты башка экен. Пайдасынан зыяны көп Кодекстер кабыл алынганы НПОлордун ийгилиги болду. Тагыраагы, булар демократия, адам укугу деген сөздөргө жамынып алып, башкаруу системасынан бери талкалап, кылмыштуулук менен күрөшкөн кодекстерге чейин бузушту.
Чынында мурун кандай мыйзам, Конституция болбосун 3-4 жыл талкууланып анан кабыл алынчу. Азыр легендарлуу парламенттин мезгилиндегидей кандай мыйзам болсо да, катуу талкуусу жок эле кабыл алынып калат.
- НПОлорго мыйзамдарды жана кодекстерди талкалаган укукту ким берген?
- Андай укукту эч ким бербегени менен алар акырындык менен чындыкты айткандай таасир калтырып, баардык ишке аралаша башташты. Анын үстүнө батыш каржылаган мыйзамдарды сунуштап, жолун таап тымызын өткөрүп жатышты. Мен билгени 1998-жылдан бери мыйзамдарды талкуулоого НПОлор кийлигише баштады. Булар гумандуулук, адам укугу тууралуу сөз кылышканы менен мыйзамдарды түп тамырынан бери өзгөртүп, системаны кыйрата башташты.
Акырындап отуруп булар башкаруу системасына чейин өзгөртүп, батыш менен Американын максатын ишке ашырып, от алып кетишти. Элдин башын айлантып, парламенттик башкарууну таңуулашты. Ал башкаруу мамлекетибизди ого бетер кыйратып, сазга батырды. Жоопкерчилиги жок система мамлекеттин карызын көбөйтүп, жыйынтыгында үч президент тең жоопкерчиликти моюндарына алышкан жок. Аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлиги да жоопкерчилик тууралуу кеп да кылышкан жок. Кыскасы, жакшы конституцияны жаман конституцияга алмаштырып, мамлекетибизди кыйратуу аракети ишке ашты…
- 2017-жылы кабыл алынган кодекстер кайсыл жеринен милициянын колу-бутун тушап койгон?
- 2017-жылы жаңы кабыл алынган Кодекс ишке кирген милициялардын колу-буту тушалып, тергөөчүлөр жумуштан кача баштаганын байкадык. Тагыраагы, тергөөчүлөр иштин көптүгүнөн кабинетте эле жатып калышты. Бардык жумушту тергөөчүнүн мойнуна илип коюшуптур. Мурун Орган дознания КР деп койчу. Ага оперлер, милиция, участковый, от өчүргүчтөргө чейин кирчү. Жаңы кодекс келгени Орган дознания кр өз жумушун жасай албай калды. Тагыраагы, жаңы кодекстин кириши менен опер кызматкерлеринин колу-буту тушалды. Бирөө кылмыш кылып жатса да, кылмыштын болуп жатканы тууралуу маалымат келсе да тергөөчүнүн уруксаты жок бара албай турган болуп калдык. Тагыраагы, тергөөчүнүн уруксаты же тергөөчүнүн берген тапшырмасы менен иштеп калдык. Айтайын дегеним, жаңы кодекстерде кылмыш кылынды деп арыз түшкөндөн кийин кылымыш иши катталып, тергөөчү тапшырма берип, анан милиция кызматкерлери кылмышкерди кармоого кетишет. Тергөөчүнүн уруксаты жок кылмышкерди кармасаң, мыйзам бузган болуп каласың.
- Батыштагы мыйзамдар, кодекстер биз кабыл алгандай гумандуу бекен же алар таптакыр башка мыйзамдар менен иштейт бекен?
- Менин укканыма караганда, алар өздөрүнүн мыйзамдарын алмаштырбайт экен. Франциядан, Литвадан жана башка мамлекеттен тажрыйба алмашууга келгендердин баарынан силерде дагы мыйзамдар алмашабы деп сурап чыктым. Бизде эч нерсе алмашпайт. “Кандай мыйзамдар болсо, ошол эле мыйзамдар менен иштейбиз” дешти. Болгону, кылмыштын жаңы түрү болсо гана мыйзамга кошумчалар кириши мүмкүн экенин айтышты. Бирок, каражат берип болсо да максаттарын ишке ашыруу үчүн бизге окшогон мамлекеттерди НПОлор аркылуу системасын талкалашат экен. Алардын сырын билген мамлекеттер НПО дегенди таптакыр жакын жолотпой, мамлекеттен кууп чыгышат экен. Мисалы, Өзбекстан, Казакстанда алсыз болсо да Тажикстанда НПО деген жокко эсе. Алардын түпкү максатын билгендер мамлекетине киргизбейт экен.
- Эмне үчүн алар НПОлордон чоочулашат?
- НПОлордун негизги максаты иштей турган керектүү мыйзамдарды жокко чыгарып, мамлекеттин ишин оорлотуу. Ошондой эле коомчулуктун көз карашын өзгөртүп, менталитеттерге каршы келген иштерди жайылтуу. Жана мамлекеттин тынчтыгын бузуу. Аны өздөрү билер билбесин билбейм. Бирок, НПОлорду каржылаган Батыш менен Американын максаты Орто Азияда согуш чыгарып, Кыргызстанды Сирия, Ирак, Ливиядай кылуу. Ошон үчүн мыйзамдар түгүл конституцияны да алмаштыртып, парламенттик башкарууга өткөрүштү. Текебаев 2010-жылы түштүктө кан төгүлүп жатса. Эч нерсе болбогондой болуп Конституция жазды деп ойлоп жатасыңарбы? Аларга даяр конституция келген. Болгону, элдин көзүн будамайлатып, кабыл алдырып коюшкан. Тагыраагы, батыштын акчасына туйтунган саясатчылар оозунан ак көбүк чыккыча парламенттик башкарууда эле жашайлы деген ойду айтып жатышы да бекер эмес.
- Эгер конституцияны кабыл алдырууга каражат бөлүнгөнү чын болсо ал кимдер аркылуу келген?
- Роза Отунбаева аркылуу келип, Текебаевдин колуна түшкөн. Ал каражат көптөргө таратылган. Момбеков, Бекешов, Жанар Акаевге окшогондор ошол алган каражатын акташ үчүн президенттик башкарууга каршы чыгышты. Кыскасы, булар Кыргызстан үчүн деле күйүшпөйт. Болгону, алган акчасын акташ үчүн болгон аракеттерин жумшашты.
- Балким, парламенттик башкаруунун да артыкчылыгы бардыр?
- Эгер парламенттик башкаруунун артыкчылыгы болгондо, 10 жылда өсүп өнөт элек го. Тескерисинче, артка кеттик. Жоопкерчилик деген жок болду. Кытайдан алган карыз үчүн, мамлекетти чөгөлөткөн иштери үчүн эч ким жооп берген жок. Кыскасы, жакшы конституцияны 2010-жылы жаман конституцияга алмаштырып алып, калпыс иштерге жол бердик. Эгер парламенттик башкаруу жакшы болсо, Путин өтөт эле го. Ал “парламенттик башкарууга өтүү эртелик кылат. Ал биздин системаны талкалайт” деп ачык эле айткан. Чынында парламенттик башкаруу деп отуруп, мамлекетибиздин таш-талканын чыгарып. Татыксыз кадрларды коалиция деген шылтоо менен жооптуу кызматтарга коюп, мамлекетти сазга батырышты. Парламенттик башкарууга өткөнү депутатардын да деңгээли төмөн болду. партиялар акылы аз болсо да, акчасы көптөрдү алдыңкы орундарга коюшту. Жыйынтыгында деңгээли төмөндөрдүн көпчүлүгү депутат болуп, парламенттин кадырын кетиришти. Алар талкуулабай эле Кодекске окшогон мамлекеттин өнүгүүсүнө каршы келген мыйзамдарды кабыл алышты.
- Баса, ошол кодекстердин айынан Айзада каза болгондо учурунда чара көрүлбөй калдыбы?
- Ооба. НПОлор өз колдору менен кодекстерди өзгөрттүрүп алып, Айзада каза болгондо бул кызматтан кетсин, тигил кызматтан кетсин деп митинг кылып, саясатташтырып жиберишти. Чынында кылмыш иши катталып анан тергөөчү уруксат бергенде гана издешет. Ага чейин өз алдынча аракет кылышса, оперлер мыйзамды бузуп, мыйзамсыз иш кылган болуп калышат.
Булак: NazarNews.kg