www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" референдумду дайындоо жөнүндө мыйзамды болгону 30 чакты депутат менен биринчи окуудан өткөрдү. 96 депутат каттоодон өткөнү менен, залда бирин серин депутаттар отурганы даана көрүндү.

Депутаттар  Канат  Исаев, Шаршенбек Абдыкеримов, Айсулуу Мамашева, Айнура Аскарова, Алиярбек Абжалиев, Искак Пирматов, Эмиль Токтошев, Бейшеналы Нурдинов өңдүү депутаттар жыйынга катышкан жок. Ал тургай түрмөдө жаткан  Дүйшөн Төрөкулов, Кубанычбек Жумалиевди да "за" бердиртип, кошоматчылыктын жогорку чегин көрсөтүштү. Акылбек Жапаров, Самат Исманов, Сайдулла Нышанов өңдүү кошоматчылар 4-5 депутаттын ордуна кнопка басышып, ит эле болушту.

Кошоматчылыктын жогорку үлгүсүн көрсөтүүдө фракция лидерлери Иса Өмүркулов, Нурбек Алимбеков, Жыргалбек Турускуловдор да кем калышкан жок. Айрыкча "Сулуу чымчык" аталган "Кыргызстан" фракциясынын лидери Нурбек Алимбеков фракциядагы 18 депутаттын баарынын кнопкасын басып, "сулууланып" отурат. Биз билгенден Шаршенбек Абдыкеримов көптөн бери сыртта, Канат Исаев жыйынга келген эмес, анан кантип алар "за" берип калышат.  Айтор, кошоматчылар боткону чалып атышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости