www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад областынын Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылынын жашоочусу 1-класстагы юрист Анарбаев Азамат Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Д.А. Жумабековго Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 222-беренесинин 7-бөлүмүндөгү одоно каталарды оңдоп-түзөө зарыл экендигин айтып, атайын сунуш менен кайрылды.

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Д.А. Джумабековго С У Н У Ш
Мен, Сизге төмөндөгүдөй сунуш менен кайрыламын. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-июлундагы №141 мыйзамынын редакциясына ылайык колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 222-беренесинин 7-бөлүмүндө доогер арызын кайтарып берүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылса, ал эми доогер иштин маңызы боюнча териштирүүнү талап кылбаса; сот арызды кароосуз калтырат деген укуктук ченем каралса:
Ушул эле кодекстин 222-ст. орус тилиндегисинде “истец обратился с просьбой о возврашении заявления, а ответчик не требует разбирательства дела по существу: деп жарандык сот өндүрүшү тартибинде каралуучу, жоопкер жана доогер таратаптардын укуктарына карама-каршы ченемдер каралып калган.
Тактап айтканда, кыргызча түшүндүрмөсүндоө “доогер ишти маңызы боюнча териштирүүнү талап кылбаса” деген ченем каралса, орусча түшүндүрмөсүндө “а ответчик не требует разбирательства дела по существу” деп көрсөтүлүп бири-бирине карма-каршы келип калган.
Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-июлундагы №141 Мыйзамынын редакциясына ылайык колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 222-беренесинин кыргызча жана орусча ченемдик укуктук актылардагы коллизиялар - бирдей эле коомдук мамилелерди жөнгө салуучу колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын ченемдеринин карама-каршы келүүсү (дал келбөөчүлүгү) бар.
Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө мыйзамдын 1-беренесинин ченемдеринин негизинде, мыйзам долбоорунун лингвистикалык экспертизасы -юридикалык техниканын эрежелеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мыйзам долбоорунун текстинин заманбап кыргыз жана орус тилдеринин ченемдерине ылайыктуулугун баалоо жана грамматикалык, синтаксистик, стилистикалык, логикалык, редакциялык-техникалык каталыктарды жана терминдерди колдонуудагы каталыктарды четтетүү боюнча сунуштамаларды берүү талабына ылайык, КР ЖПКнын 222-бер. орус тилиндеги ченемин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамынын 6-беренесинин 3-бөлүмүнүн ченеминин негизинде  кыргыз тилиндеги ченемге ылайык келтирип, орус тилиндеги ченемдерине оңдоо киргизүүнү сунуштаймын. Сунушту кароонун жыйынтыгы боюнча жазуу жүзүндө жооп берүүнү суранамын",-деп билдирген Дастан Жумабековго 1-класстагы юрист, Азамат Анарбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости