www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

250 партиялуу Кыргызстандагы “Биримдик” партиясынын логотибин карасак,  Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекетти эмес, Орусиянын тутамындагы автономияны каалап тургандай. Саат жылган сайын парламенттик шайлоого күндөр жакындап келатат. Буга чейин “Өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип” келген СДПК партиясын “ичтен чыккан ийри жыландар” жеп жутушуп, кыргызстандыктар “Биримдиктүү Орусия” (Единая Россия) сыяктуу мамлекетке лидер боло турган партиянын келишин күтүп жатышат. Кайсы партия лидер болуп келет?

“Биримдик” партиясына кимдер мүчө болуп кирген?

Шайлоо оюндары эки жыл мурун эле башталган. Парламентке келген адамдар мандатты алган соң келечектеги шайлоо тууралуу ойлонбосо, уттуруп койушу ыктымал. Ошондуктан парламентке келгенден баштап эле келечегин ойлошот. Шайлоочулар менен менен жолугуп, ММКга кайра - кайра чыгып, келечектин добушун алалы деген аракеттерин көрө башташат. Акыркы мезгилде СДПКнын “даамы чыкпай” калган соң, аттуу-баштуулар алдастап каякка баруу тууралуу тике аракетке бара баштаган. “Биримдик” партиясы алга суурулуп чыгып, кайсы партияга кире турганын билбей баштары маң болуп тургандар үчүн маяк болуп бергендей. Бул саясий партияны мурунку СДПКдан Марат Аманкулов жетектейт. Андан соң экинчи номерде мурунку СДПКдан вице-спикер Төрөбай Зулпукаровдун карааны көрүнөт. Андан тышкары  алтынчы чакырылышка “сүрүлүп кеткен” СДПКнын тизмеси менен кирген мурунку спикер Асылбек Жээнбеков, Айнуру Алтыбаева, Абтандил Кулбараков, вице-спикер Аида Касмалиева, урап бараткан “Бир болдон” Исхак Пирматов, Акылбек Жапаров, “Республика-Ата-Журт” фракциясынын жетекчиси болуп, бул шайлоодо дайнын таппай кала турган Жыргалбек Турускулов жана башкалар бар имиш.  Өздөрүн Кыргызстандын каймагы, элитасы эсептешип миллиондорду чапчышкандар бул партияга кирүүгө далалаты зор дешет.



“Биримдик” партиясы мамлекетке лидер болуп келеби?

 “Биримдик” партиясы башка наамдагы ат менен 2005-жылы Ош шаарында активдүү аялзатынын биримдиги катары төрөлгөн. Муну төрөткөн Умай Энеси Айнуру Алтыбаева болгон. 2010-жылы парламенттик шайлоо алдында  “Биримдик” партиясынын лидерлери “Ар-Намыска” киришип, ЖКга келишет. Ал мезгилде Феликс Куловго Акылбек Жапаров, Камила Талиева, Токтокүчүк (Токон) Мамытов, Абдрахман Маматалиев, афганчылар менен Кожобек Рыспаев, сокур жана дүлөйлөр коому менен Дастан Бекешов сыяктуулар жармашкан. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо “Ар-Намыс” чилдей чачырап Акылбек Жапаров “Бир болго” жамынып, Токон Мамытов “Бүтүн-Кыргызстан-Эмгекке” кирип, Айнуру Алтыбаева, Кожобек Рыспаев, Дастан Бекешов сыяктуулар СДПКнын этегине намаз окушкан.

250 партиялуу Кыргызстанда 2019-жылы гана 14 жаңы партия түзүлгөн. “Биримдик” партиясы маанисин жоготуп өлүк партияга айланып баратканда, Карганбек Самаков бул партияны тирилтип 2015-жылдагы парламенттик шайлоого   “Биримдик -Единство” партиясы менен аттанып, ошондон улам Атамбаев-Текебаев тандеми чалып жыкканы бар. “Биримдик” партиясы 2020-жылдагы шайлоого катыша тургандыгы маалым болуп жатат. Көпчүлүктүн айтымында “Биримдик” партиясы “Бешиктеги баланын бек болорун ким билет” дегендей туула элек жатып, мурун парламенттик шайлоонун даамын татып калган СДПК, “Ата-Мекен”, “Республика - Ата -Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Бир бол”, “Кыргызстан” сыяктуу парламенттик партияларга аламан шайлоодо тизгин тарттырбай алдыга чыгат дешип белгилүү саресепчилер кан-какшай башташты.  Юстиция министрлигинин айтымында 2013-жылдан баштап “Биримдиктин” жетекчиси Марат Аманкулов экен. Ошол эле мезгилде Марат Аманкулов “Бир ок менен эки коен атып” СДПК партиясына да кирип, СДПКдан Бишкек шаардык Кеңешине спикер болгон. Ал СДПКга өтө качканында бул партияга лидер болуп Карганбек Самаков келген.  Бул партияны мурун Айнуру Алтыбаева жараткан белгилүү. 2010-жылы ал парламентке депутат болгон соң мыйзамды сыйлап, бир гана партияда туруш үчүн “Биримдиктен” чыгып, “Ар-Намыска” кирген. Ушундай чалды-куйдудан улам бул партиянын лидерин табууда башаламандык түзүлгөн.  “Биримдик” саясий партиясы ачыкка чыкканы менен анын саясий программасы али даяр эмес сыяктуу. Мындай билдирүүнү аталган партиянын негиздөөчүсү депутат Айнуру Алтыбаева  “NazarNews” маалымат агентигине айтып берген. Айрым маалыматтарга караганда “Биримдик” “Ар-Намыс” партиясы менен бириккендиги үчүн чоң саясатка кире алган деп айтып келишет. СДПКнын курамындагы Дастан Бекешов, Кожобек Рыспаев, Айнура Алтыбаева, Исмаил Исаков өңдүү мүчөлөрү ал партияга барганга чейин “Биримдикте” болгондугу айтылган.

Алтыбаеванын айтымында, партиянын программасы 2005-жылда түзүлгөн боюнча калган. Учурдагы дүйнөлүк өзгөрүүлөрдү эске алган сунуштар түшүп жатат. Он беш жылдан бери эмес, он беш күндө канчалаган өзгөрүүлөр болуп жатат, ошондуктан партиянын баштапкы программасына жаңы багыттар кошулушу мүмкүн. Анткен менен Айнуру Алтыбаева азырынча ал сунуштарды айтуудан карманууда.

“Биримдик” партиясы “Биримдиктүү Орусия” (Единая Россия) партиясын туурап калгандай

Айнуру Алтыбаеванын айтымында талаш жараткан партиянын символдору дагы өзгөрүшү мүмкүн. Алсак, коомчулук арасында, партиянын логотиби Орусиянын башкаруучу партиясыныкына абдан окшош жактарын таап чыккан. Кыргызстандын «Биримдик» партиясы менен “Биримдиктүү Орусия” (Единая Россия)  партияларынын логотиптерин салыштырып көрөлү. Орусиянын партиясында орус элинин символу болгон “Аюунун” сүрөтү чагылдырылган, кыргыз элинин деле символу бар. Мисалы, боз үй, жылкы. Ал эми КТРКнын жетекчиси Жайнак Үсөн уулу балдарга акыл үйрөтүүдө эшектин баласы такайды кыргыздын символу катары дайыма колдонуп келатат. Бул туура эмес, пикир эшектин баласы кыргызга эч качан символ болгон эмес.

«Биримдик» партиясында  Кыргыз АССРинин желеги түшүрүлгөн.  Бул да туура эмес Кыргыз ССРи СССРдин тутамындагы республика болсо, Кыргыз АССРи андан да ылдый Орусия советтик социалисттик республикалар федерациясынын (РСФСР) курамында болгон. Бул символго ылайык Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекетти эмес Орусиянын тутамындагы автономияны каалап турабы?

Орусиянын  «Биримдиктүү Орусия” партиясын еврей жетектейт, Кыргызстандын “Биримдик” партиясын ким жетектейт?

Орусияда 2001-жылы “Биримдик” коомдук кыймылы түзүлгөн. “Биримдик” коомдук кыймылы түзүлүшүнө Юрий Лужковдун “Наш дом-Россия” менен Миңтемир Шаймиевдин “Отечество –вся Россия” себеп болгон. 2003-жылы 24-декабрда “Биримдик” коомдук кыймылы «Биримдиктүү Орусия” (Единая Россия) партиясына айланат. Ушул эле мезгилде Кыргызстанда «Биримдик» партиясы 2005-жылы түзүлгөн. Логотиптердин окшоштугу балким «Биримдиктүү Орусия” (Единая Россия) партиясына шыктангандан улам болсо керек. Чындыгын айтыш керек «Биримдиктүү Орусия” (Единая Россия) партиясы андан кийин пайда болгон партияны туураган десе туура болбой калат. Бирок, ири партиялар деле туурашы мүмкүн, Борбор Азиядагы эң зор партия Нурсултан Назарбаев башында турган “Нур-Отан” партиясы “Бир бол” партиясындагы илбирсти “уурдап” алышып логотибин жаңыртышкан.

Ал эми Орусиянын «Биримдиктүү Орусия” (Единая Россия)  партиясы Орусия Федерациясындагы эң чоң партия жана аны “өкмөт” партиясы деп дагы аташат. Анын лидери Дмитрий Медведев. Мурунку премьер-министрдин ата теги еврей болгон дешет. Расмий эмес булактар  Дмитрий Анатольевич Медведевдин чыныгы аты Давид Ааронович Мендель экенинен шек санашпайт. Ким билет, 1917-жылы Орусияга революцияны алып келгендердин көбү еврей болушкан. Анда аларды да жарыялап коёлу:

  1. Дмитрий Анатольевич Медведев- Давид Ааронович Мендель;
  2. Лев Давидович Троцкий – Лейба Давидович Бронштейн;
  3. Лев Борисович Каменев- Лев Борисович Розенфельд;
  4. Григорий Евсеевич Зиновьев –Овсей Ааронович Гирш;
  5. Николай Иванович Бухарин- Эсфирь Гурвич Идо;
  6. Алексей Иванович Рыков - Аввакум Яакович Гад;
  7. Михаил Павлович Томский - Ицхак Натанович Мордахэй.

 

СДПКны бөлгөн Сагынбек Абдрахманов "талаада" калдыбы?

"Атамбаевсиз СДПК" - деп өзүнчө кыймыл түзүп, СДПКга каршылардын колдоосу менен СДПК партиясын Атамбаевден тартып алууну көздөгөн Сагынбек Абдрахмановдун абалы учурда чатак болуп турат. Анткени, буга чейин Иса Өмүркуловдун колдоосу менен жер-жерлерде партиянын конференцияларын өткөрүп жүргөнүн жар салып келсе, кечээ жакында Ак үйдүн астына чыгып алып, "Асылбек Жээнбеков, Аида Касымалиева "Биримдик" партиясы менен шайлоого барат экен, алар СДПКдан депутат болушкан" деген сыяктуу нааразычылыгын билдирип, ызасын коомчулукка жарыялап жиберди. Атамбаевге ор казган Сагынбек Абдрахманов  "кидать" этилиптир деген сөз да  тарап жатат. Бирөөгө ор казбаш керек экенин Абдрахманов түшүнүп жаткан чыгаар. Бирок СДПК үчүн кеч болуп калган сыяктуу…

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости