www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалыматка ылайык, быйылкы жылды Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы" деп жарыялаган. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу борбору шаардын жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларына сабактарды өтүшүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу борбору жашы жете электердин арасында укук бузууларды алдын алуу максатында өспүрүмдөрдүн жашоо шарттарын, өздүктөрүн тактоо, үйүнөн жана мектептен өз эрки менен чыгып кетүү себептерин аныктоо боюнча ар дайым иш-чараларды жүргүзүп жаткандыгын белгилеп кетүү керек.

Жогорудагыдай иш-чараларды өткөрүү учурунда жашоо тиричилиги оор, ата-энесинин көзөмөлү жок, мамлекеттин жардамына муктаж балдар дагы аныкталууда. Аталган борборго балдарды алып барышып, ата-энесинин, туугандарынын өздүгүн тактап, андан соң өткөрүп беришет. Балдар жогорудагы борбордо 48 сааттан ашык болушпайт. Ошондуктан кызматкерлер аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен психологиялык маектешүүлөрдү өткөрүшөт. 

ЖУАБдын башчысы, милициянын полковниги Нурудин Өмүрбеков аталган борбордо штаттык психолог жана терапевт врач бар, ал балдар, ата-энелер менен алектенишет. Борбордо балдар төрт маал тамактанып, эс алуу, ойногонго ылайыкташкан бөлмөлөр, китепкана, кир жуучу, футбол ойноочу аянтты бар. Бул борборду толугу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги камсыздайт жана ЮНИСЕФ жабдууга, ремонттоого чоң жардамын бергендигин билдирди. Андан сырткары балдарын алып кеткени келишкен ата-эне дагы борбордун шартын көрүп таң калаарын кошумчалады. 

Ушул жылдын 24-декабрь күнү аталган борборго Кызыл ай улуттук коомунун кызматкерлери чакыртылып, Бишкек шаарындагы орто мектептин жогорку класстарынын окуучуларына алгачкы медициналык жардамдарды туура көрсөтүү боюнча иш-чараларды уюштуруп беришти. Сабакты алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча координатор Асель Токтомамбетова менен ыктыярчы кыздар Бактыгүл, Адеми өтүштү. Алар практика жүзүндө кокустуктан жүрөк, дем алуу органдарына аба жетпей токтоп калуу учурунда жана өзгөчө кырдаалдарда жабырлануучуларга коркпостон кантип жардам көрсөтүү керектигин көргөзүшүп, айтып беришти. 

Сабактан соң Борбордун кызматкерлери мектеп окуучуларына тамактануу уюштурушту.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости