www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдан чыккан коронавирус оорусу онго жакын мамлекетке тарап кетти. Дүйнө жүзү боюнча ар бир мамлекет бул оорудан кооптонуп, өлкөгө келбесе экен деген коркунучта жашап калды. Учурда аталган оору тууралуу ар кандай имиштер, коркунучтуу маалыматтар тарап жаткан убагы.

Фейсбук социалдык тармагынын Бексултан Иманов аттуу колдонуучусу коронавирус бул катардагы хайп жана АКШнын чагымчылдыгы деп жазып чыкты.

Анын посту төмөндө орусчадан кыргызчага которулуп берилди:

“Бир нече фактыларды карап чыгалы: 1) Вирус 2003-жылы АКШдагы лабороторияда иштелип чыккан.

2) 2015-жылы ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча улуттук борборунда патенттелип, ага каршы вакцинага да укук берилген.

3) Патенттин мөөнтөтү кечээ, 26.01.20 бүткөн жана эң кызыгы короновирус оорусу АКШда кечээ биринчи жолу катталды...

Адамдарды эмдөөгө дайындап жатышат. Себеби, ММКларда аталган ооруга каршы вакцина иштелүүдө деген маалыматтар тараган. Дагы бир нече күн элди коркутушат, эпидемия же пандемия деп жарыялап, вакцинаны ишке берет.

Баары жөнөкөй! Көйгөй чыгар да, чечүү жолун сунушта. Тилекке каршы, адамдардын эс тутуму кыска. Акыркы 10 жылдын аралыгында чочко жана куш тумоосу аркылуу кырылууга жакындап калганбыз.

Азыр элинин калкы 1,4 млрдды түзгөн Кытайда коронавирус күч алды. Ал жакта 500дөн ашуун адам ооруп, билишимче 15ке жакын адам каза болду. Чындыгында коркунучтуу! Мен Кытайда кир тамактын айынан күнүнө ондогон же керек болсо жүздөгөн адам көз жумуп жатат деп ойлойм.

Көпчүлүгү ушул ооруга ишенгени аянычтуу. Бир айдын ичинде бул хайп токтойт. Бул АКШнын катардагы чагымчылдыгы. Даарыларды сатып алышты жана ушундан кимдир-бирөө миллиардер болду”,-деп Бексултан Иманов жазып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости