www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Англис тилинде Меган Маркл этиши пайда болду

 

 

Англис тилинде to Meghan Markle деген  этиш пайда болду. Кыймыл-аракетти билдирген бул этиш “Өзүңдүн ден соолугуңду баалап, токсикалык мамиледен, жагымсыз чөйрөдөн кетүү” деген маанини билдирген сөз болуп калды. Британиялыктар Меган Марклдын падышалык бардык титулдан баш тартып, Канададагы үйүнө кетип калгандыгына ушундай көз карашта экендигин билдиришти.

Британиялык The Guardian гезити кандай кырдаалда “меганмарклдоо” мүмкүн экендигин тизмесин да түздү.

Мисалы, сизди бирөө конокко чакырса, баргыңыз келбесе, анда “меганмарклдасаңыз” болот, же жумушта сизди баалабай жатышса, компаниядан кетип жатканыңызды “меганмаркл” этиши менен түшүндүрүшүңүз мүмкүндүгү айтылган.

Эске сала кетсек. буга чейин Меган Маркл үй-бүлөсү менен бардык падышалык титулдан баш тартышкан. Алардын бул кадамына ханайым Елизавета II нин жактырбашы жана башка ар кандай божомолдор айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости