www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэри Азиз Суракматов көп орундуу, газ менен жүрө турган автобустарды алып келүү боюнча Түркиянын "Анадолу групп" холдингинин башчысы Тунжай Өзилхан менен сүйлөшүү жүргүзүп келди. Эки тарап бул келишимге Стамбул шаарында меморандумга кол коюшкан.

Маалыматта: "Байлыгы 1,6 млрд. долларга бааланган түркиялык ири ишкер Тунжай Өзилхан Бишкек мэриясына заманбап, көп орундуу автобустарды алууга 15 жылдык мөөнөт менен жылдык үстөгү 1,7% болгон жеңилдетилген насыя берүүгө ниеттенүүдө.

Кеп «Анадолу Исузу» компаниясы чыгарган автобустар тууралуу болуп жатат. Бул Европадагы автобус чыгарган алдыңкы компаниялардын бирине кирет. Ал 26 өлкөгө автоунаа экспорттойт. "— деп айтылат.

Бишкек шаарын толук камсыз кылыш үчүн дагы 800дөй автобус керек. Бирок түрк компаниясы чыгарган автобус кытайдан алынып келип жаткан автобустардан кыйла кымбат. Ошондой эле сапаты жагынан да анчалык эмес. Анын үстүнө Суракматов 15 жылга чейин насыяга алып жаткан автобустар 15 жыл кызмат кылып бербейт. Негизинен жаңы автобустар 8 жыл жакшы иштеп берсе, ошол жакшы. Бирок Бишкекке келген автобустар 8 жыл эмес, 3-4 жыл ичинде эле иштен чыгып баштайт. Андыктан бул автобус маселеси боюнча коррупциялык схемалардын бетин ачуу зарыл, деп "Багыт.kg" жазган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости