www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абжапаров акчанын азабынан кеттиби?

Салык кызматын 2018 - жылдын май айынан бери Теңиз Абжапаров башкарып келген. Ал ага чейин Социалдык фонддо көп жыл иштеди. 2002-жылы аталган фонддо башкармалыктын башчысы болгон. 2009-2016-жылдары төраганын орун басары, биринчи орун басар, 2016-2018-жылдары төрага болуп турду. Социалдык фондду такыр союп жайлап жибербесе да, орто деңгээлде иш алып барып келди. Ал эми бир жыл эки айдан бери Салык кызматында иштеп салык чогултуу саясатынан кыйналды.

Көп кемчиликтер, нааразычылыктар да айтылды. Бийлик да капчыгы кампайдыбы бир топ карайлады. Ошондон уламбы, айтор Абжапаровго буйрук берилгенби, же өзү бийликкке жагынайын дедиби, кыскасы ал салыкка көп каражат төккөн мекемелерди, компаниялардын бир тобунун салык каражатын ушул жылдын этегине чейин алдына - ала чогултуп алып койгон деген кеп кетти. «Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дегендей бул сөздөрдүн деле аныгы тез эле ачыкталып каларынан шек жок, - дейт "Багыт.kg".

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости