www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул каарманыбыз жеӊил ойлуулуктун айынан балдызына азгырылып турмушу бузулганын төмөндөгүдөй баяндап берди. Майрамбектин  башынан өткөн жагымсыз бул окуя  балким башкаларга сабак болуп калгысы бардыр. Андыктан а аялы менен ажырашканы үчүн өмүр бою өкүнө турганын баса белгилегендиктен, анын баянын атайын гезит бетине жарыялоону туура көрдүк.   

—Буга чейинки турмушумду эстегенде көзүмдөн жаш кылгырат. Анда бактылуу кезим эле... Аялым Алмаш экөөбүздүн ынтымактуу жашаганыбызга элдин баары суктанышчу. Балээнин баары балдызымдын айынан башталды. Аты Айнаш эле. Айнаш күйөөсү менен ажырашкандан бери биз менен шаарда батирде бирге турчу. Ал мага жездекелеп бир аз эркелеп калганда Алмаш кадимкидей кызганып кетчү. Бир күнү:

—Байкасам акыркы күндөрү Айнаш экөөӊөрдүн тамашаӊар чектен чыгып бараткансыйт. Балким экөөӊөрдүн ортоӊордо бири-бириӊерди жактыруу сезими пайда болгондур,-деди эмнегедир бизден шек санап жаткандай түр көрсөтүп. 

—Койчу жаным, мен кантип эле...-деп сөзүмдүн аягына чыкпай аптыгып калдым.  Алмаш андан кийин мени менен сүйлөшкүсү келбегенсип колун шилтеп сыртка чыгып кетти. А мен жумушума жөнөдүм. Алмаш түштөн кийин телефон чалып:

—Макен, кечирип койчу. Сага туура эмес сүйлөп алсам... Ачыгын айтсам Айнаштан сени аябай кызганам. Анын үстүнө ал азыр бойдок эмеспи. Ошон үчүн этият болушуӊ керек,-деп мага эскерткендей сүйлөдү.  Анын бул сөзүнө күлкүм келип:

—Ал сенин бир тууган сиӊдиӊ да. Минтип айтканыӊ туура эмес го-десем дагы эле мага ишенбегенсип ого бетер күчөп:

—Жүрөгүм бир нерсени сезип жаткансыйт. Айнаштын айынан экөөбүз ажырашып кете тургансып коркуп жатам,-деп кайдагы сөздөрдү айтып башымды оорутуп жиберди. 

—Эч кандай андай болушу мүмкүн эмес!-деп трубканы коюп салдым.  Ошол бойдон кыжырым келип таптакыр сүйлөшпөй койдум. Аргасы кеткенде кечирим сураган СМСтерди жөнөтө баштады. Анда да жооп жазбай койдум. Иш убактысы бүткөндө үйгө түз баргым келбегендиктен бир досума жолугуп көӊүл ачмай болдум. Досум экөөбүз өткөн-кеткенди эске салып орто кызуу болуп калганда тынчыбызды алып аялым телефон чалып:

—Макен үйгө эрте бар. Мен бир курбумдун туулган күнүнө кетип жатам. Бүгүн келбей да калышым мүмкүн. Айнаштын телефону өчүк болуп жатат. Балким досторунукуна кеткендир. Мейли анда,-деп сөзүн бүтүрдү.  Досум менен дагы бир аз отургандан кийин үйгө жөнөдүм. Келгенде мас болуп уктап калыптырмын. Арадан канча убакыт өткөнүн билбейм. Бирөө колумдан тартканынан ойгонуп кетсем балдызым экен. 

—Жезде, курсагыӊыз ачкан окшойт. Тамак жасап берейинби?-деди күлүмсүрөп. 

—Жөн эле койчу. Эч нерсеге табитим тартпай жатат,-деп эптеп ордумдан турдум.  Сыртка чыгып жеӊилденип келгенден кийин диванга жөлөнүп олтурдум. Маӊдайымда көкүрөгү футболкасын тиреп турган балдызымды көрүп ошол замат делебем козголуп кетти. Ал дагы бир жактан майрамдап келсе керек. Көздөрү моймолжуп тиктегенде карманалбай кетип өзүмө имере тартып, астыма алып олтурдум. Эми эле алкымынан жыттай баштаганда күтүүсүздөн аялым кирип келип:

—Уяты жок акмактар! Силердин акыры ушинтип жакындашарыӊарды билгем,-деп ызазы менен бир топ сөздөрдү сүйлөдү.  Ошентип, ичкиликтин кесепетинен балдызыма азгырылып  аялым менен ажыраштым. Менин бул баяным башкаларга сабак болсун деп силерге атайын кайрылып олтурам. “Өткөн ишке өкүнбө”-деген сөз азыр мен үчүн эч мааниге ээ болбой жатат. Алмашымдан тирүүлөй ажыраганыма өмүр бою өкүнөм... 

Нуркемел  ИСАЕВ

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости