www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Марат Кайыпов, экс-министр: «Бишкек шаарына Наримандай мэр боло элек»

— Албетте, Нариман Түлеев Бишкек шаары үчүн өтө көп жумуштарды жасаган. Анын мезгилинде шаар гүлдөп, көчөлөр абдан таза болуп калган. Азыр болсо көчөнүн баары чаң, кайсыл көчөгө барсаң чаң жутасың. Албек Ибраимов болсо эч нерсе жасай элек да. Көчөлөр таптакыр тазаланбай жатат. Кар жаагандан кийин, тазаланбай машина менен эмес, жөө жүргөн коркунучтуу болуп калбады беле. Нариман Түлеев өз мезгилинде жол тыгындарын жок кылган. Жолдорду кандай оңдоду эле, түштүк магистралды эки тараптуу кылып туруп Алма-Ата көчөсүнө чейин жеткирип салмак, бүткөнчө кетирип жиберишпедиби. Кыргызстандын тарыхында Бишкек шаарына Наримандай мэр боло элек. Ал мэр болуп турган учурда ар бир Кыргызстандык Бишкекке дүйнө жүзүнөн каалаган коногун чакырып, уялбай костюмун желкеге илип алып, көчөдө сыймыктанып сейилдей турган шарт түзүлгөн болчу. Азыр шаар каралбай калды. Башка көчөлөрдү айтпай эле коёюн, президент жүргөн борбордук көчөлөр тешилип абийири кетип турат.

Мамбетжунус Абылов, коомдук ишмер:  «Ибраимов паракорлукка алдырып койсо, арты жаман болот»

— Албетте Наримандын Бишкек шаары үчүн жасаган иштери көп. Чынын айтыш керек, анын иштерин эл деле айтып жактырып жүрүшкөн. Ал эми, Албек Ибраимов келгенден бери Иса Өмүркуловго салыштырмалуу жакшы иштеп жатат. Иса келгенде эч кандай иштер деле жүргөн жок. Ал келе элек жатып эле коррупция боюнча иштери билинип калбадыбы. Албек Кулматовго да караганда алда канча жакшы. Эми Албек коррупцияга малынбай иштей турган болсо, мунун иштерин жакшы деп айтыш керек. Эгерде бул да паракорлукка алдырып койсо, арты жаман болот.

Бакыт Аманбаев, экс-акыйкатчы:  «Нариман эл үчүн иштесе, Албек президент үчүн иштегендей болуп жатат»

— Ар бир ийгиликтин артында кадр, жакшы жетекчи турат. Мисалы, Нариман Түлеевдин мезгилинде шаарда бир топ жакшы иштер жасалган. Абдан чарбачыл киши болгон, иштин көзүн билген жана шаардагы негизги болгон көйгөйлөрдү билип, аны жоюу максатында пландуу иштерди аткарган. Шаардагы эң чоң көйгөй бул жол маселеси. Ал киши жолдорду салып баштаган. Анын учурунда түштүк магистраль салынган, Фучиктеги жолдор салынды. Ал эми шаарды жашылдандыруу боюнча бак-дарактарды отургузуп фонтандарды жаңылап, жаңы фонтандар коюлду. Экинчиден, шаардагы таштандыларды тазалоо боюнча дагы иштерди кыймылга салып, таштандыларды кайра иштетүү боюнча завод курам деген пландары бар болчу. Ошол эле мезгилде шаардагы тыгындарды азайтуу максатында кичи автобустарды жоюп, чоң автобустарды алып келе баштаган эле. Ошентип, бул киши тез эле эл оозуна алынып, мунун кадыр-баркы өсө баштаган да. Анан муну колдоп өстүрүштүн ордуна соттоп, камап салды эле, жакшы кадрдан айрылдык. Ал эми азыркы мэр анын жанында иштин деле көзүн билбеген адам окшойт. Себеби, эки жылдан бери иштеп келе жатат, эч кандай жыйынтык көрүнбөйт. Бул эл үчүн эмес, президент үчүн иштеп жаткандай сезилет. Себеби, президентке Максим Бакиевге караштуу жерди алып мыйзамдаштырып берди, аны коомчулук элдин баары билди. Анысы аз келгенсип хан сарайды айлантып жол салды, столбаларды орнотуп жарык койду. Эми экөөнүн айырмасы ушунда, бирөө президент үчүн, бирөө эл үчүн иштеген.

Ишенбай Кадырбеков, коомдук ишмер: «Ибраимовдун көзгө көрүнөрлүк эч кандай иштери жок болуп жатпайбы»

— Азыр кимиси көп иштерди жасады деп айтыш кыйын. Мэр болгон кишинин баары эле болгон аракетин жумшайт. Ал эми Нариман Түлеевдин өзгөчөлүгү ал көп жылдан бери чечилбей келген көйгөйлүү маселелерди чечип кеткен. Ошол эле транспорт маселеси боюнча түштүк магистралды жасабаса өтө кыйын болуп калмак. Чечкиндүү чоң-чоң маселелерди жасагандыгы үчүн Нариман элдин эсинде калды да. Азыркы мэр дагы бир нерселерди жасагансып жатат. Бирок көзгө көрүнөрлүк эч кандай иштери жок болуп жатпайбы. Ошол эле кезде машина токтотуучу жайларды курдурам, Бишкекте пландуу курулуш иштери жүрөт деп айтты эле. Андан эч бир жылыш жок. Курулушу өзүнчө, башкасы өзүнчө кетип, мэрия сырттан карап турган эле субъект сыяктуу болуп турат.

Болот Дыйканов, коомдук ишмер: «Нариман Түлеевге баа бериш керек»

— Иштетилбеген жаңы дың жерди бузуп, ошол жерге эгин эккен бул Нариман Түлеев экенин моюнга алыш керек. Экинчиден, жашылдандыруу боюнча абдан жакшы иштерди жасаган. Азыркы Бишкектеги көчөнүн боюнда өсүп турган бадал, бак-дарактардын баары ошол кишинин эмгеги. Билсеңиздер шаардын ичи гүлдөргө толуп абдан кооз болуп калды эле. Ошол эле жолдорду оңдогон болчу. Ал эми Албек Ибраимов чет өлкөдөн келген грант менен таштанды таштаган ящиктерди оңдоп жатат. Андан башка көзгө көрүнөөрлүк эч кандай иштерди жасай элек. Эми качан жасайт Кудай билет, эртең жасайт деп жүрүп биз деле карып кетмей болдук. Негизгиси, Нариман Түлеевге баа бериш керек.

Эдил Байсалов, коомдук ишмер:  «Албек Ибраимов Өмүркуловго, Кулматовго салыштырмалуу жакшы иштеп жатат»

— Нариман Тулеев аябай иштерман мэр болчу. Таң атпай өзү шаарды кыдырчу, “Тазалыктын” жумушчуларынын жумушун өз көзү менен көрүп, айтчусун айтып иш кылганын мага Роза Отунбаева таң калып, баа берип бир канча жолу айтканы эсимде. Албек Ибраимов Иса Өмүркулов жана Кубанычбек Кулматов менен салыштырмалуу алда канча жакшы иштеп жатат. Өзгөчө ал кишинин чечкиндүүлүгүнө баа бердим. Мыйзамсыз коюлган жарнама щиттерди жана курулуштарды алдыртып, буздуртуп атат.

Марат Казакбаев, серепчи: «Наримандай так иштесе, жакшы баа бермекпиз»

— Менин оюм боюнча салыштырып айтканда Нариман Түлеев менен Албек Ибраимов экөөсү тең жакшы эле иштешти. Азыр Албек Ибраимов жакшы иштерди алып барып баштады, жолдор салына баштады акырындык менен. Бирок иш көп чынында. Ал эми Нариман Түлеев абдан жакшы иштеди, кандай болгон күндө да шаар тургундары деле мактап жатышат. Менин оюмча Албек Ибраимов дагы ошондой так иштесе, анда баарыбыз жакшы баа бермекпиз. Бирок, бул жаңы эле ишин баштады. Саясатка аралашпай, шаардын маселелерин жакшы чечип таза иштесе, анда элге да жакмак.

Жумакадыр Акенеев, экономист: «Албетте Нариман биринчи орунда турган»

— Чынында Нариман Түлеев жакшы иштерди баштады эле, Бишкек шаарын оңдоо боюнча. Бирок кыска мөөнөт иштеп калды да. Мен Нариман Түлеевден кийин эле жакшы иштерди Албек Ибраимов алып барууда деп ойлойм. Көчөлөрдү оңдоп жатат. Албетте Нариман биринчи орунда турган. Түлеевдин артыкчылыгы, Бишкектин бюджетин ишкерлерди уюштуруу менен оң жолго салган. Ал эми Албек Ибраимовдун таянганы Кытайдын гранты болуп жатат. Бул дагы Наримандай ишкерлерди уюштуруш керек болчу.

Нарынбек Молдобаев, экс-депутат:  «Нариман Түлеев кризис-менеджер деп элдин оозунда калды»

— Чынында эл оозунда Нариман көп көрүнүктүү иштерди жасады деп жүрөт. Мисалы, түштүк магистраль көчөсүн жасап кетти. Бишкек шаарынын ичин кандай гүлдөттү эле. Ал эми Албек Ибраимов Кытайдан келген грант менен жакшы иштерди жасап жатат. Жүзгө чукул жолдорду ошол гранттын эсебинен оңдогону жатат, бул да болсо чоң эмгек. Таштанды маселеси боюнча жакшы иштерди алып барууда. Бирок, Нариман Түлеев кризис-менеджер деп элдин оозунда калды да.

Бакыт Бакетаев, серепчи: «Түлеев сөзү аз, иши көп, айтканын жасачу»

— Нариман Тулеев эркек мэр болчу. Сөзү аз, иши көп, айтканын жасачу. Анын мезгилинде шаар кандай өзгөрдү эле?! Баары акырындан оңолуп келе жаткан болчу. Ал эми Албек Ибраимов жаңы баштады, курч саясатка өтсө шаарды тез оңойт.

Булак: “Жаңы ордо”

Последние новости