www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларусиядагы каршылык акциясы учурунда жүздөгөн кишилер кармалды деп билдирет укук коргоочулар. Акция катышуучуларын кармоо санкцияланбаган көчө жүрүшүнөн кийин башталган.

Буга чейин Интерфакс агенттиги каршылык акциясына чыккандар саны 500 чамалуу деп билдирген эле. Би-би-си кабарчысынын баамында митингчилер саны бир жарым миңге чамалады.

Кармалгандар арасында бир катар орусиялык басылмалардын журналисттери да болгон. Айрым укук коргоо уюмдары милиция кармап кеткендер саны 700 чамалуу киши экенин билдирди.

Жөө жүрүш менен келаткан митингчилерди милициянын атайын күчтөрү туш-туштан тосуп туруп, аларды кармай баштаган.

Би-би-си кабарчысы Татьяна Мельничук Совет районунундагы Ички иштер бөлүмүнө «Тез жардам» кызматы чакырылганын кабарлады.

Жөө жүрүш менен келаткан митингчилерди милициянын атайын күчтөрү туш-туштан тосуп туруп, аларды кармай баштаган. Ондогон кишилерди кармашкандан кийин митингчилер бараткан жолду кайра ачып беришкен.

Жөө жүрүш менен келаткан митингчилерди милициянын атайын күчтөрү туш-туштан тосуп туруп, аларды кармай баштаган.

Беларусиялык активисттер "бекерпоздор салыгы" боюнча президенттин декретин жокко чыгарууну талап кылган каршылык жүрүштөрү улана турганын билдирди.

Жөө жүрүш менен келаткан митингчилерди милициянын атайын күчтөрү туш-туштан тосуп туруп, аларды кармай баштаган.

25-мартта Беларусия элдик республикасынын 99 жылдыгы белгиленди. Активисттердин акциясы ушул датага туш келген.

Жөө жүрүш менен келаткан митингчилерди милициянын атайын күчтөрү туш-туштан тосуп туруп, аларды кармай баштаган.

Минскиде коопсуздук чаралары күчөтүлүп, акция өтүп жаткан тарапка бараткан кишилерди милиция кармап, жолдорду бөгөп турду. Канча киши кармалганы тууралуу расмий билдирүү айтылган жок.

Булак: "bbc.com"

Последние новости