www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурдагы кырдаалды карап Алмазбек Атамбаевге рахмат айткым келет. Бир туруп кыжырым келет. Рахмат айтайын дегеним кээ бир жерлерде  туура кадам таштаса, айрым жерлерде чоң ката кетирип жатат.  Анткени кечээ, 25-марттагы болуп өткөн митингде укук коргоо органдары менен катардагы жарандар, катардагы жарандарды туткундап жатканы бул биздин эртеңки келечегибизге боло турган кооптуу көрүнүш “адатка” айланып калып, өз баштарына айланып тийип калбаса деген ой,- деген пикирин билдирди Урмат Акунов.

Баарынан да тепсе термелбеген Өмүрбек Текебаевди эки бийлик дагы камай алган эмес, аны камадыбы? Ток этээрин айтканда,  “менмин” деген кыйындарды бүт баарын ийин казып, “чээнге” киргизди. Досуна да касына да карабады. Кечээ, митингке мен дагы катыштым. Бирок баягы “менмин” деп төшүн каккандардын бири көрүнбөйт. Дагы Фейсбуктун ээсине рахмат, онлайн транслация кылып койгон экен, жылуу – жумшак үйлөрүндө онлайн трансланция көрүп коюп олтурушат. Баарын кызыгы, кечээ “дүжүр” аттыккан саясый серепчи митингке келип, “Садыр, камалбайт”, - деп орусча-кыргызча сүйлөп, эки жака “жеңе” болуп кеткен таң калтырды. Эми илгерки ата-бабалар айтмакчы, түбү кайыры болсун, жамандык учурдагы бийликтин өзүнө келип тийбесе экен,- дейт Урматбек Акунов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости