www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” коомдук уюму 2018-жылдын 25-февралынан 3-мартына чейин телефон аркылуу жалпы улуттук социологиялык сурамжылоо жүргүздү.

Бул сурамжылоонун максаты –  Кыргызстандын калкынын саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө карата мамилесин изилдөө.

МААЛЫМАТТАРДЫ ТОПТОО ЖАНА ТАЛДОО ЫКМАСЫ

Сурамжылоо телефон сурамжылоосунун CATI (Computer Assisted Telephone Interviewing) адистештирилген компьютердик системасынын жардамы аркылуу жүргүзүлдү. Мындай ыкма социалдык жактан маанилүү маселелер боюнча маалыматтарды тез жана сапаттуу топтоого мүмкүнчүлүк берет. Телефон аркылуу сурамжылоонун маанилүү артыкчылыгы  маалыматты тез алууга жана аны ошондой эле тез иштеп чыгууда турат. Ошондой эле артыкчылыктардын бири ишенимдүүлүк болуп саналат, анткени уюмда оператордук бөлмөгө түздөн-түз катышуу менен сурамжылоо жүргүзүүгө көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү бар. Мындан тышкары интервьюерлер кайсы гана жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүнү болбосун тыңшай ала турган жана  интервьюерлердин ишин көзөмөлдөөчү супервайзердин көзөмөлү алдында болушат.

Сурамжылоо үчүн уюлдук телефон номерлер атайы иштелип чыккан компьютердик программа менен капыстан тандалган болчу. Андан тышкары стационардык телефондорго чалуу үчүн ар бир област боюнча стационардык телефон номерлеринин маалыматтар базасы колдонулду.

Изилденип жаткан жыйындылар

Изилденүүчү жыйынды Кыргызстандын 18 жаштан баштап жана андан улуу курактагы, өлкөнүн 9 аймагы: Бишкек ш., Ош ш., Чүй областы, Ысык-Көл областы, Талас областы, Нарын областы, Жалал-Абад областы, Ош жана Баткен областынын аймагында туруктуу жашаган шаардык жана айылдык жашоочулары болду.

Тандоо жети областтын жана Бишкек жана Ош шаарларынын ортосунда бирдей бөлүштүрүлгөн.   

Сурамжылоого катышууга 738 адам макулдугун беришти (жооп бергендердин үлүшү 78%ды түздү). Тандалма жыйындылардын ушундай көлөмү үчүн тандалманын максималдуу статистикалык жаңылышуусу 0.95 ишенимдүү деңгээлинде 3,61%га барабар.

Респонденттерди жалпы тандоо жыныс курагынын квоталарына, аймактык квоталарга (област/шаар/айыл), ошондой эле уюлдук гана, стационардык гана колдонуу боюнча квоталар жана мобилдик дагы, стационардык дагы байланышты колдонуучу респонденттер үчүн квоталарга көзөмөл кылуу менен ишке ашырылды.

Стационардык телефон номерлерге чалуу учурунда трубканы ким көтөрсө ошол суралды. Капыстан тандоо стационардык номерлер маалыматтардын жалпы базасынан капыстан тандоо ыкмасы менен тандоо аркылуу камсыздалды. Уюлдук номерлерге чалуу учурунда трубканы ким көтөрсө ошол респондент суралды. Уюлдук телефондордун номерлери атайы программалык камсыздоонун жардамы менен тандалды.

Респонденттер уюлдук жана стационардык байланыштын төмөндөгү операторлорунун кызматтарынан пайдаланган жарандар болушту:

-Beeline

-Megacom

-O!

-Кыргызтелеком

Анкета жабык жана жарым-жартылай жабык суроолордон турду. Инструментарий орус тилинде түзүлүп, кыргыз тилине которулган. Эки вариант тең респонденттин тилине жараша сурамжылоо учурунда колдонулду. Бир анкетаны толтурууга 1 мүнөттөн 9 мүнөткө чейин убакыт кетти, орто эсеп менен 4 мүнөт болду.

Бул социологиялык сурамжылоо Кыргызстандын калкынын саясий партиялардын имешрдүүлүгүнө болгон мамилесин изилдөөгө багытталган болчу:

  • Талапкерлердин жана партиялардын шайлоо фондулары тууралуу маалымат алууга кызыккандардын үлүшү 46,6%ды түздү. Сурамжылангандардын 53,4%ы талапкерлердин жана партиялардын шайлоо фондулары тууралуу маалымат алууга кызыкдар эмес.
  • Талапкерлердин жана партиялардын шайлоо фондулары тууралуу маалымат алууга кызыгуусун билдиргендердин ичинен  респонденттердин (27,9%) үч бөлүгү алар кандайча жана эмнеге жумшалгандыгы жөнүндө майда-чүйдөсүнө чейин маалымат алууну каалашат. Шайлоо фондуларын түзүү булактары тууралуу маалымат алууга кызыкдар болгондор болгону6,7% респондентти түздү. Сурамжылангандардын көчпүлүгү(65,4%) шайлоо фондуларын түзүү булактары тууралуу дагы, ошондой эле алар кандайча жана эмнеге жумшалгандыгы тууралуу маалымат алууну каалашат.
  • Респонденттерди ошондой эле кайрымдуулук ишмердүүлүгү (22%), саясий партиялардын парламентте фракция катары иши (20,3%) жөнүндө маалыматтар кызыктырат. Сурамжыланган калктын 13,6%ы  саясий партиялардын курч социалдык суроолор боюнча пикирине кызыгышат. Саясий партиялардын каражаттары (фонддору), ошондой эле саясий партиялардын мүчөлөрү тууралуу маалымат сурамжыланган ар бир он биринчи адамды кызыктырат.26,2%ын деги эле саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү болгон кандайдыр бир маалымат кызыктырбайт.
  • Сурамжыланган адамдардын79%нын пикиринде, саясий партиялар шайлоочуларга шайлоолордун ортосундагы мезгил ичинде өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө толук маалымат беришпейт. Сурамжыланган респонденттердин жалпы санынан болгону 14%ы гана шайлоочуларга шайлоолордун ортосундагы мезгилде өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө жетишерлик маалымат беришет.
  • Сурамжыланган респонденттердин 48,6%ы саясий партиялардемократиялык принциптердин өнүгүүсүнө тигил же бул даражада салым кошот деп эсептешет, алардын ичинен 37,5%ы алар бир аз салым кошот десе,11,1%ы көп салым кошот деп белгилешкен. Үчтөн көбүрөөк бөлүгү  саясий партиялар демократиялык принциптердин өнүгүүсүнө такыр салым кошпойт деп ишенет (34,8%).
  • Сурамжыланган калктын көпчүлүгү (66%) саясий партиялар өлкөдөгү кырдаалга тигил же бул даражада таасирин тийгизет деп белгилешет, алардын ичинен 22,4%ы саясий партиялардын таасирин күчтүү десе, ал эми 43,6%ы начар деп эсептешет. Ар бир бешинчи респондент өлкөдөгү кырдаалга саясий партиялар эч кандай таасирин тийгизбейт деп ишенет (18,2%).
  • Сурамжылангандардын 67,8%ы парламент парламентке шайланбаган саясий партиялар менен өз ара аракеттенишүүсү керек деп эсептешет. Ар бир алтынчыреспондент тескерисинче, бул суроого терс жооп берген (15,2%).
  • 61,1% респонденттин пикиринде, партияларга мэрди эки жолу катары менен шайлай албай калган партияларга шайлоолорго катышууга тыюу салуучу норма киргизүү зарыл. 21,1%ы тескерисинче мындай норманы киргизүү зарылчылыгын четке кагышат.
  • Сурамжыланган адамдардын 82,9%ы шаарлардын мэрлерин шаардыктар түз шайлоолор аркылуу шайлоого тийиш деп эсептешет. 12,2%ы гана шаарлардын мэрлери жергиликтүү кеңеш тарабынан шайланышы керек деп эсептешет. Мындай изилдөөлөрдүн жыйынтыгын  “Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция үчүн” коомдук уюму аныктаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости