www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын кайгуул кызматы тоноого шектелген 9 жаран кармап, Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп берди. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-ноябрь күнү болжол менен саат 05:30 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматынан Орозбеков жанан Киев көчөлөрүнүн кесилишинен жаранды тоноп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1989-жылы туулган Ф.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү көрсөтүлгөн даректе болжол менен саат 05:20 чамасында белгисиз жарандар арыз ээсинин REDMI NOTE 6 үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун ачык түрдө коркутуп, тартып алышкан.

Ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинен кылмышка шектүү катары 2001- жылы туулган Э.Н. 2001- жылы туулган Э.Э. 2001- жылы туулган Б. Ж. 2001- жылы туулган А.А. 2002- жылы туулган С.А. 2002- жылы туулган Д.Б. 2002- жылы туулган Ж.У. 2002- жылы туулган К. Р. жана 2001- жылы туулган И.Б. аттуу жалпысынан 9 жаран кармалып, Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Бул факты боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.  

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости