www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү болгон Абдил Сегизбаев менен Болот Сүйүнбаевге таандык деген хансарайлардын сүрөттөрү өткөн жылы интернеттеги социалдык түйүндөрдө кеңири жарыяланганы эсибизде. “Сегизбаев менен Сүйүнбаевдин Орто-Сайдагы сарайлары. Мантай деген бирөө куруп жатат” деген сүрөтү менен маалыматты фейсбукта белгисиз колдонуучу чыгарган. Ал сүрөттө үч кабаттуу өтө чоң имараттардын курулуп жатканы, бирөөсү курулуп бүтүп калганы көрүнүп турган. Муну Сегизбаев менен Сүйүнбаевге Мантай-бажычы «ыраазычылык» иретинде куруп берип жатканы да айтылган болчу.
Ал эми Мантай деген ким? Ачык булактарда “Ак-Жол” бажы постунун мурунку начальниги Нурлан Канаевди “Мантай” деп аташаары белгилүү. Анын бажы тармагындагы эң бай адамдардын тизмесинин сап башында тураары, байлыгы 15 млн доллардан ашаары айтылат. Нурлан Канаев-Мантайдын “Елизавета” курулуш компаниясына Азиз Суракматов, Каныбек Нарбаев менен биргеликте ээлик кылаарын 2013-жылы “Де-Факто” гезити жазган. А бирок, жогоруда айтылган Орто-Сайдагы имараттарды ушул Нурлан Канаев-Мантай куруп жатабы, же аты уйкаш башка бирөөбү – так маалымат жок.
Бул маалымат боюнча Абдил Сегизбаев да, Болот Сүйүнбаев да эч нерсе деп унчугушкан эмес. «Унчукпагандык – макул дегендик» деп түшүнө беребизби деген коомчулуктун суроосу дагы деле жоопсуз турат. Негизи эле ушул эки экс-чиновниктин артынан ээрчиген сөздөр өтө арбын. Сегизбаев УКМКны жетектеп турган кезинде ойдон чыгарылган «Белизгейт» чуусу менен өзгөчө таанылган. Сүйүнбаев болсо мамлекеттик кызматка диплому жок эле кирип алып, анан тээ 10чакты жыл мурун эле таштап койгон окуусун улантты кылып, эки жылдык окуу планын бир жылда бүткөрттүрүп, колуна диплом алганы белгилүү болгон. Айтор, ал колуна алган дипломун 25 жыл «окуп» алганын белгилеп коюу керек. Анан дагы анын УКМК орун басарлыгын ээлеп турганда контрабанданы көзөмөлдөөчү дешет. Ченебей байышканын да билгендер арбын. Деги ошол хансарайлар тууралуу экөө бир ооз сөз айтып коюшса эмне болот эле?