www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эми Атамбаевдин алты жыл ичиндеги аздыр-көптүр ал акыбалын жакшы эле билбедикпи. Бирибизди Каңгайга, бирибизди Алтайга тентитип, аз жерден алакандай кыргызды чачып ийе жаздап, элибиз мыкты экен, эч бир шек алдырбай жашап келе жатат. Буга чейин анын ар кыл багыттагы кылыктарына:
"Атамбаевди медициналык кароодон өткөрүш керек" деген сөз кыргыздын лакаптарынан кийинки эле сөз болул калбады беле. Анысы өзү менен кошо кетип, такданы тапшырыган куну унутта калып, кудайдын кулагы сүйүнгүн деп тынчыганбыз. Кантсе да биздин бала эмеспи.
Ал акмак, бирок биздин акмак" дегендей, аргабыз канча эле. Азыр деле тынч жата албаган киши, эми өз укугун коргоп, атышса атышам, чабышса чабышам ден турган кези. Эки жаат, эрегише чабышып, кызыл тилдин кырманын чалууда. Мамлекеттик басылма, телелери тегиз Атамбаевдин ар кыл иштерин сындап атса, Атамбаев тарап азыркы бийликта болбой калды менен чектелишти. Айтайын дегенибиз , кыргыздын мыкты ээл ууддары болгон Жусупжан Жзэнбеков кечээ ЭЛТР телеканалынын атайы даярдалган Атамбаевге карата кыйытылган көрсетүүсүндө маек курун, чын дили менен эле:
"Атамбаев Чымкоргонго барып текшерилип койсо өзүнө да, элге да жакшы болот эле, анын ким экенин баарыбыз биле жүрөт элек" дейт.
Эми бул азыркы абалы курчууткандан башкага жарабаган нерсе. Башка айтса да, ушундай адамдар мындайды: айтпай койсо болот?
"Атамбаевдин мээсинин абалы начар болсо, алты жылы айтпай эмне кылдыңар?" дегендер чыкпай коет беле?
Кырдаалды курчутууда, бир тараптуу мактаган же мокочо көрсөтүүдөн ушул кезде "аттуу-баштуулар" абай эле болсо.
Ички таарынычы барларды түшүнүп турабыз. А бирок, Жусупжан акедейлерге эмне болгону эл эртең туура түшүнөбү? Кеп ушуда эле.
"Сүйлөтүп атат, айттырып атат" деген кептин кетишин күтсө, дей бергиле. Кылмыштын акыркы жыйынтыгын сот чыгарат, оорунун акыркы абалын доктур атат, анан эле аны баш терсине баа беришти Жусупжан аке айта албаса керек. " Башталось"ду, мына ушундайлар баштап атат деген эле кеп.
Булак: Факты.kg