www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов көп кырдуу жигиттирден бири. Бүгүн, депутаттын социалдык тармактагы баракчасына көз жүгүрттүк. Мына сага, Сулайманов акын, ырчы, блогер, жазуучу, стилист, спортсмен, кыскасы төрт тарабы төп келишкен жигит турбайбы! Сүрөттөргө көз салыңыз окурман. Төмөнкү сүрөттө шайтан араба тээп келе жаткан кадимки эле биздин “чачы жок” депутатыбыз Алтынбек Сулайманов.

Алтынбек мырза жаратылышты жакшы көргөнүн байкадык...Таштын үстүнө олтуруп кыялданганды жакшы көрөт окшойт. Маанайы ойдогудай. Демек, тарткан сүрөтчү мыкты. Сүрөттү эркек тартмак беле!

Кезектеги сүрөттөн депутаттын мойнуна илинген заманбап аппаратты көрүүгө болот. Тоону карап кыялданып, тоо “текелерди” аңдыгандай!

Төмөнкү сүрөттө мурдагы “семиз” Алтынбек жок, шыңга бойлуу, олуттуу белгисиз нерсеге кыжыры келгендей... Демек, сүрөтчү алмашкан же күз айы, жалбырактын үзүлүп жерге түшкөнү терең ойлонткондой.

 

Баса, депутат бийлигенди да жакшы көрөт. Керек болсо бийлеп деле кое берет. Көптөн бери стилин америкалыктарга окшоп өзгөрттү. Төмөнкү сүрөттө депутат, токойдо кара куурайдын (конапля) арасында сүрөткө түшкөн. Кызыгы, токойдо тизеден өйдө чөптүн арасында жүргөн депутатты, зыяндуу курт-кумурска же жылан чагып алса эмне болот, “Ким сүрөткө тартты экен?” -  деген суроо менен ой жаралды.

Төмөнкү сүрөтүндө, колунда экономика тууралуу жазылган китеп, кепка, шым, пальтого чейин көз жүгүртүп караңызчы, тим эле бирдей түстө. Болгону шымдын багалеги бир аз узун же имиджмейкери байкабай калган окшойт. Ал эми асынып турган заманбап кол баштыгына сөз жок.

Охо, төмөнкү сүрөттө депутат “Улуу атабыз Ленин, сен деп согот жүрөгүм”, дегендей эле В.И.Ленинге коёндой окшош болуп калган. Жигиттин гүлү зыңкыят...

Кезектеги сүрөткө сарасеп салсак, андан-санда музейге барып согуштун катышуучуларын же маданияттын кызматкерлерин эскерип турат сыягы. Кабакты карап койгула...

Ааа баса, депутаттын маданияттагы атаандаш ырчысы Бек Борбиев. Экөө дует ырдап чыкпады беле?  “Аккан сууга салганмын,

Көпкө чуркап барганмын,

Узаганча кол булгалап турганмын, агып кеткен окуучулук кайыгым”, деп ырдап чыгышкан эле.  Ютуб каналдан 8 миңден ашуун көрүүчү топтогон. Иши кылып, атактуу ырчынын ушул ырын ырдап чыкканында бир мандем бар сыягы. Эмнесин аккан сууга салган, эмнеси сууга агып кетип, кол булгалап калып кеткен, айтор табышмак.

Эми жыйынтыгында депутаттын кезектеги чоң атасы Сулайман ата тууралуу жазылган пикирин окурмандардын назарына салалы.

--Чоң атам Сулайман айылда мугалим, почтальон болуп иштеген кадыр-барктуу киши эле. Кичине болгонубузга карабай ар жакка жумшап ишке бышырат, тентектик кылсам да ачуусун ичине жутуп тим болот. Анан такыр эсимден чыкпай калганы – кучактап алып бышактап ыйлаганы. Белимди абдан кысып өзүнө тартып өксүп алчу. Себеби ошол жылдары атам Турдубай Өзгөн районунан ревизиядан келе жатып, белгисиз жагдайда автокырсыкка кабылып, каза болуп, апам жаш, ал эми биз болсо жөжөлөрдөй чурулдап атасыз калган кез эле.

Эми ойлосом, ошондо чоң атам белди бекем бууп, бизди тарбиялоо милдетин алган экен.

Ал кишиге байланышкан бир окуя такыр эсимден кетпейт жана азыркы балдарга тарбия болсун деп ошол окуяны кыскача баяндап берейин деп чечтим.

1983-жыл. Мен анда 11 жашта элем, чамасы, төртүнчү классты бүтүп, каникулда элек. Элдин көбү колхоздун ишинен бошобойт, субай малдарды тоого чыгарып, ар кимге көз салып койгула деп кудайга аманат тапшырып келе берет, же бирөөлөргө кошуп жиберет. Биздики кандай болгонун азыр эстей албайм, бирок бир күнү эки жашар букабыз жоголуп кеткенин чоң атама айтышканы эсимде. Ал киши 75 жашка барып калган, тоого чыга албайт, ар кимге “карай келгиле” дегенден майнап чыкпайт: бири тааныбайт, бирөө “көргөндөй болдум” дейт. Анан калса бул жашта эркек мал 2 айда жайлоодо кыйла өзгөрүп кетет эмеспи. Айтор, ылаажы жок. Ичинен миң толгонсо керек, айла куруганбы, кыскасы бир күнү мага “сен барып издеп кел” деди. Апам кандай болду билбейм, а мен шерденип алдым, себеби чоң атам “ошол малды сатып сага велосипед алып берем” деди. Таң ата электе, жерге али жарык түшө электе жөнөдүм. Жалгыз жөнөдүм. Апам жарты нанын белиме түйүп берди. Жип алып алдым. Тообуз абдан бийик, ал жакка машина да каттабайт, а түгүл машина жол да жок. Анда элде ат да жок, колхоз аттын баарын жок кылган. Түштө араң жетесиң, ар бир карагандын арасын карап чыгасың, уйлар жаталактап көлөкөлөп кирип кетет. Биринчи күнү таппай кайттым. Экинчи жолу да таппадым. Эгер үчүнчү жолу таппасам – анда түңүлсөк болот, же Шаңколдун төрүнө, же Кошчан жакка кетип калган болот. Ошол жылдары биздин жайлоолорго Араван районунун малчылары чыкчу, алардын малына кошулса, булар жакында айдап түшсө, Араванга кетип калмак.

Кудай жалгап, үчүнчү күнү таптым, Сары-Таштан да ары Чалка деген ашуу бар. Ойноок мал ошол жакка кетип калыптыр. Тапкан менен же карматпайт, же мени тааныбайт. Көпкө убараланып жатып эптеп байладым, жетелесем баспайт, артынан айдасам кайра артка качат. Не бир азаптарды көрүп, жатаар маалда ээрчишип үйгө келдик. Апам да, чоң атам да эси чыгып турган экен, баягындай сыга кучактап көз жашы кылып, көкүлүмдөн жыттап койду.

Базар күнү Ноокатка алып жөнөдүк. Мал базарда чоң атам өзү соодалашты, эттин жайын жакшы билген киши эле, кардар менен келишти окшойт, далдалчынын “бар берекесинен” соң пулду алып, курсакты кампайттык да велосипед саткан дүкөнгө келдик. Жайнаган велосипеддер. “Ал, шайтан арабаңдын жакканын ал” деди чоң атам. А мен болсо чоңуна качырам. Акыры “Урал – 28” дегенге токтодум. Чоң атам эсептешип бүткөнчө дөңгөлөктөрүн желдеп да ийдим. “Муну автобуска салабыз”, - деди чоң атам. “Тээп эле кетем”, - дедим болбой. Менин көктүгүм чоң атама жактыбы, жакпадыбы – айтор, экөөбүз эки жакка бөлүндүк, ал автовокзалга кетти, мен айылга жөнөдүм. Райондун борбору Ноокат менен андагы биздин “Ленинизм” колхозунун “Съезд” участкасынын ортосу 15 чакырымдай келет. Бир эле Катта-Көтөрмөдөн чыккандан Куу-Майданга чейинки жери гана ылдыйыш, калганы бүт өрлөп кетесиң. Кечке калбай кубанычым койнума батпай шыңгырактарын улам шыңгыратып айылга жетип келдим...

Ушул окуядан улам айтайын дегеним: чоң атам мага велосипедди ансыз дале алып бермек, согуштун катышуучусу катары пенсия алат эле, бирок мага чоң тарбия бериптир – өз күчү, маңдай тери менен акча тапсын, акча кайдан келээрин түшүнсүн дептир, мени жатып албай кыймылда болуп эмгектенүүгө үйрөтүптүр.

Азыр эми балалыктагы ошол окуяны эстеп чоң атама ыраазы болуп калам...деп жазган депутат. «Эр жигитке 70 өнөр аздык кылат» дейт Алтынбек Сулаймановдун сан жеткис өнөрлөрүн окурмандардын эсине салдык.

Кезектеги сүрөткө саресеп талкуубуз, кыз жандуу депутат Камчыбек Жолдошбаев тууралуу болот.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости