www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын 17-декабрь күнү Жалал-Абад облусунда ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча жаңы медициналык-стационардык борборунун салтанаттуу ачылышы болду. Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жээнбековдун “2018-жыл –Региондорду өнүктүрүү жылы катары жарыялоо жөнүндөгү” Жарлыгын аткаруунун негизинде 2018-жылдын 17-декабрь күнү ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча жаңы медициналык-стационардык борбору менен Сузак районунун Барпы айылындагы МАБнын жаңы имаратынын ачылышы өттү. 

Жогорудагы борбордун ачылышына Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев, ички иштер органдарынын кызматкерлери менен ардагерлери катышышты.  Жаңы борбор ыңгайлуу бөлмөлөр, спорттук жана машыгуучу залдар менен жабдылган. 

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев “Аталган борбор милиция кызматкерлерине, ички иштер органдарынын ардагерлерине медициналык жардам көрсөтөт. Жалал-Абад облусу боюнча жалпысынан 700 ички иштер органдарынын ардагерлери бар. Ички иштер органдарынын ардагерлери менен кызматкерлерине жер-жерлерде медициналык жардам көрсөтүлөт”-деп билдирди.

Жогорудагыдай стационардык медициналык борбор-түштүк аймакта биринчи жолу ачылып жаткан ИИМдин тутумундагы реабилитациондук мекеме болуп саналат. Ал 10 орундуу болуп, негизги тапшырмаларынын бирине өзгөчө кырдаалдарда ыкчам-кызматтык тапшырмаларды аткарышкан ички иштер органдарынын кызматкерлерин дарылоо кирет.

Эске салабыз, ушул жылдын май айында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев республиканын түштүк аймагына болгон иш-сапарында ардагерлер борборго келип дарыланууга мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча жаңы медициналык-стационардык борбор ачып берүүлөрүн суранышкан.

Андан соң, ички иштер министри Кашкар Джунушалиев  Сузак районунун Барпы айылындагы МАБнын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Мурда милициянын аймактык пункту айыл өкмөтүнүн имаратында жайгашып келген. Аталган имаратты курууга Миң-Өрүк  айылынан жер тилкеси бөлүнүп берилген. 

Курулуш иши Жалал-Абад ОИИБдин колдоосу менен ишке ашырылды. Имараттын аянты 402,75 чарчы метрди түзүп, зарыл болгон жабдыктар менен камсыздалды.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости