www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарындагы облус жетекчилеринин кезектеги кеңеши бүгүн, 18-декабрда Ош шаарында болот. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга эки мамлекеттин премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Абдулла Арипов катышат. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

Эки мамлекеттин ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырымга созулат. Анын 85 пайызы такталганы расмий айтылган.

Буга чейин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүдө эки тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен Өзбекстандын Шахимардан жана Кандиён-Булок тилкелеринин бир бөлүгү аныкталганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости