www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Министрлер кабинети 100 күндө эмне иштерди аткарды?

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өкмөттүн 100 күндүк биринчи кезектеги чаралар планын аткаруунун жыйынтыгын чыгаруу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешмеде белгиленгендей, 12-июнга карата пландаштырылган 50 иш-чаранын 38и аткарылган, ал эми 12 пункту аткарууда турат. Бекитилген планды ишке ашыруунун алкагында инвестициялык климатты жакшыртуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтыруу жана жөнөкөйлөштүрүү, айыл чарбасы жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жаатында саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагын жакшыртуу боюнча чаралар кабыл алынган.

Улукбек Марипов пландаштырылган иш-чаралардын алкагында белгилүү жыйынтыктар орун алганын айтты.

"100 күндүк планды иштеп чыгууда биз кабыл алынган чечимдердин натыйжалуулугуна басым жасадык. Биздин аракеттерибиз карапайым жарандардын жашоосун жакшыртууга багытталды. Ар бир жаран кайсы жерде жүрбөсүн, мамлекеттик поликлиникада, дарыканада, калкты тейлөө борборунда болсун өзгөрүүлөрдү иш жүзүндө сезиши керек. Биометрикалык чет өлкөлүк паспортторду берүү башталды, консулдук кызматтарга баалар төмөндөтүлдү, кыймылсыз мүлктү долбоорлоого жана курууга уруксат берүүчү документтерди берүү боюнча бир катар маалыматтык тутумдар иштелип чыкты, товарларды маркалоо жана көзөмөлдөө тутуму киргизилди, чет өлкөдө каза болгон жарандардын сөөктөрүн мекенине алып келүү чыгымдарын жабуу маселеcи чечилди, республикалык масштабдагы автомагистралдарды реконструкциялоо, Баткен облусундагы чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү долбоорлору активдүү фазада турат", - деп белгиледи Улукбек Марипов.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, пландын айрым пункттары аткарылган эмес жана төраганын биринчи орун басары Айбек Жунушалиевге пландын пункттарын өз мөөнөтүндө аткарылбагандыгына жол берген жактардын жоопкерчилиги боюнча сунуш киргизүү тапшырмасын берди.

"Ар кандай себептер боюнча 12 пункт жыйынтыкталуу алдында турат жана белгиленген мөөнөттө аткарылган эмес. Милдеттердин өз мөөнөтүндө аткарылбагандыгы үчүн тартиптик чаралар кабыл алынары эскертилген", - деди Марипов.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин башчысы президенттин администрациясынын тийиштүү бөлүмдөрүнө калган 12 пункттун аткарылышын көзөмөлгө алууну жана президенттин ушул жылдын 5-майындагы калкка кайрылуусунда белгиленген милдеттерди чагылдыруу менен Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин пландаштырылып жаткан өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча министрлер кабинетинин иш-чаралар планын иштеп чыгууну тапшырды.

Өкмөттүн 100 күндүк биринчи кезектеги чаралар планынын алкагында жүзөгө ашырылган иш-чаралар:

Инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү:

- Ишкерликти жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык уруксат кагаздары жөнүндө маалыматтык электрондук портал иштелип чыккан;

- Энергиянын жаңылануучу булактары (кичи ГЭС) долбооруна жер (мамлекеттик жана токой фонду) алууга жеткиликтүүлүк жөнөкөйлөтүлгөн;

- «бир аялдама» принциби боюнча ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдүн кайталанма функцияларынын ишине тыюу салынган;

- Товарларды импорттоого КНС кайтаруу процедурасын жөнөкөйлөштүрүү механизми кабыл алынган (шарттуу КНС);

- Жеке ишкерлер үчүн салык режими жөнөкөйлөтүлгөн (чекене сатуулардан алынуучу салыктын негизинде);

- Милдеттенмелердин негизги суммасын төлөп берүү шартында туумдарды жана айып пулдарды толугу менен эсептен чыгаруу жолу менен салыктар жана социалдык чегерүүлөр боюнча карыздарды реструктуризациялоо жүргүзүлдү.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтыруу жана жөнөкөйлөштүрүү жаатында:

- Жарандардын айрым категорияларына, анын ичинде 18 жашка чейинки жетим балдарга, 70 жаштан ашкан пенсионерлерге жана башка жактарга ички паспортторду (ID-карталарды) акысыз берүү боюнча улуттук кампания ишке киргизилген;

- транспорт каражаттарын акысыз каттоо өнөктүгү башталды;

- биометрикалык чет элдик паспортторду берүү башталды;

- «open space» форматындагы калкты тейлөө борборлору ачылды;

- Унаалар боюнча калкты тейлөө борборлору ишке берилди;

- 2021-жылдын 1-апрелинен тарта транспорттук каражаттардын электрондук паспорту тутуму ишке кирген, ошондой эле транспорттук каражаттардын электрондук паспортун тариздөө жүрүүдө.

- Аталган тутум ЕАЭБ аймагында да легитимдүү саналат;

- Ишкерлерди жана салык төлөөчүлөрдү, экспортёрлорду тейлөөчү көп функционалдуу борбор ишке берүү алдында турат, анда 10дон кем эмес мамлекеттик органдардын толук кандуу тейлөөсү көрсөтүлөт;

Айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жаатында:

- Социалдык мааниге ээ айыл чарба товарларына жана азык-түлүккө баанын туруктуу деңгээлин кармап туруу үчүн кумшекерди жана өсүмдүк майын сатып алууга 318,0 миллион сом бөлүндү;

- сүт жана эт боюнча кластердик долбоорлор киргизилген, ага ылайык, 4 сүт ишканасында сүттүн сапатын көзөмөлдөөчү санарип платформасы киргизилген. Сүттүн кошумча наркынын негизинде кластердик өндүрүштү уюштурууга 7 миңден ашуун фермер катышат;

- дыйкандардын продукциясын сатуусу, Бишкек жана Ош шаарынын райондорунда туруктуу айыл чарба жарманкелерин уюштуруу менен социалдык маанидеги азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгүн арттыруу үчүн шарттар түзүлдү;

- ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден социалдык маанидеги товарларды жана азык-түлүктөрдү жеткирүү жана алардын ички рынокко интервенциясы боюнча түз келишимдерди түзүү механизми иштелип чыккан;

- кумшекерди, өсүмдүк майын, мунай заттарын, минералдык жер семирткичтерди, дары-дармектерди экспорттоого тыюу салынды.

Саламаттыкты сактоо тармагында:

- COVID-19га каршы эмдөөнү жайылтуу боюнча улуттук план кабыл алынды;

- окуучулар жана мектепке чейинки мекемелердеги балдар арасында вирустук инфекцияларды аныктоо боюнча алгоритм иштелип чыгып, кабыл алынды;

- гуманитардык көмөктү эсепке алуунун маалыматтык тутуму иштелип чыгып, ишке киргизилген;

- коронавирус инфекциясынан эмдөөнүн I этабы жыйынтыкталды, ушул жылдын 14-июнуна карата 90 миң адам эмделген.

- «COVID-19суз саякаттайм» долбоорунун алкагында Кыргыз өлкөсү жаңы коронавирус инфекциясына иликтөөнүн терс жыйынтыктары көрсөтүлгөн шартта жарандары Орусиянын аймагына кире алуучу өлкөлөрдүн тизмесине киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости