www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нью-Йоркто катуу суук болуп, муз тоңду. Нью-Йорк жана Нью-Жерси штаттарында күтүлүп жаткан бороонго байланыштуу өзгөчө кырдаал абалы киргизилди.

Мунун алдында Президент Дональда Трамп менен Германия канцлери Ангела Меркелдин сүйлөшүүсү жылдырылган.

АКШнын ири шаарында мектептер жабылып, аба каттамдары убактылуу токтотулду. Ѳзгөчө кырдаал абалын Нью-Йорктун мэри Билл Де Блазио жарыялады. БУУнун штаб-квартирасы дагы бороонго байланыштуу жабылат. Ал жерде аялдар укугу боюнча конференция өтүп жаткан.

Манхеттенде кар тазалоочу техникалар даярдыкта турат.

Манхеттенде кар тазалоочу техникалар даярдыкта турат.

АКШда шаршембиде 6500 чамалуу аба каттамдар убактылуу токтотулат деп билдирди FlightAware. Маалыматтарга караганда, бул аэропорттордун көпчүлүгү өлкөнүн чыгышындагы Нью-Йорк, Вашингтон, Бостон, Балтимор жана Филадельфия шаарларында жайгашкан.

Дональд Трамптын алдында биринчи жолу Президент катары табигый кырсыктын кеспеттерин алдыналуу маселеси турат. Трамп өлкөнүн Ички коопсуздук министри жана Чукул кырдаалдар боюнча федералдык агенттиктин жетекчиси менен жолукканын билдирди.

Айрым аймактарда абанын температурасы кескин төмөндөдү.

Айрым аймактарда абанын температурасы кескин төмөндөдү.

"Баардыгы толук даярдыкта. Жакшылыктан үмүт кылалы, айрым кишилер айтып жаткандай баары жаман болбойт»,-деди Трамп күтүлүп жаткан бороондун алдында.

Булак: "bbc.com"

Последние новости