www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатта 30 жылдан бери эркин балыктай туйлап келе жаткан, убактылуу камакка алынган  ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевди учурда жаман көргөндөргө караганда “жакшы” көргөндөр көбөйдү.  Анткени, Текебаевдин “Манас” аэропортунан түшөрү менен темир тор артына кетишинен бийлик утулду десе айрымдар “Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Текебаевди камап туура кылды” дегендер дагы жок эмес.

Ошентип, Өмүрбек Текебаевдин камалып калышы менен анын тарапташтары тынч олтуруп калды дейин десек, 23-мартта алар ири митинг болоорун расмий жарыя кылды. Андан сырткары ушул тапта  депутатты колдогон социалдык тармактарда  кыска тамашалуу  роликтер тарай  баштады.

Эске сала кетсек, Өмүрбек Текебаев шашылыш түрдө  26-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган.

Бул нерсенин жыйынтыгы өтө деле жакшылыкты алып барбаса керек деген түпөйүл ой жаралат.  Калдайган калк дагы чарчап, ээрчий турган лидерин таппай күндүзү шам чырак издеп жүргөн мезгили. 

Өкүнүчтүүсү, жүрөгүндө эрки, сөзүндө деми, “кечпей сууну толкуткан, чаппай жоону коркуткан” кыргыз элин колдой турган лидерди карапайым калк эмес, керек болсо Ак үй өзү таппай турган кез...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости