www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кино –кыйноо
- Улуу Манас эпосун даназалаган, XX кылымдын Гомери Саякбай манасчыны тасмада чагылдырууда чон жоопкерчиликти сезгендирсиз?
- Албетте! Манас дүйнөсү өтө аруу аалам жана сырдуу күч! Кайдыгер же шалаакы мамилени жанына жолотмок эмес. Бул тасманы баштаганда жоого башымды канжыгага байлап алып аттангандай эле болдум десем туура болоор.
Бөөдө кырсыкка кабылбай, аман-эсен бүтүрүп чоң ийгилик менен элибизге тартуулаганабыз, бул Манас дүйнөсүнүн биздин ишибизге туура көзү менен караганына так кесе далили.
- Саякбайдын образына Манас Жантелиевди кандайча тандап калдыныз?
- Бул суроого үч эле кыска жооп бар.
1. Мелис Убукеевдин "Манастын ааламы" деген тасмасында (1995- ж.) раматылык Марат Жантелиев Саякбайдын Бакай ата менен Каныкей энебизге кезигип, аян алып манасчы болуп калган эпизодду мыкты аткарып берген.
2. Марат өтө терең катмарлуу, кенен диапазондуу чоң актер.
3. Саякбай атабызга окшош эле. Съемка алдында бир эле шартты аткарыш керек болчу, семириш керек болчу. Ал ушул тапшырманы жогорку деңгээлде аткара алды.
- Кеменгер жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун уулу Эльдар мырза роль жаратты. Атанын уулун тасмага тартуу сиздин идеяныз беле же...?
- Мындан 6 же 7 жыл мурун Чыңгыз агабыздын музейи ачылганда Эльдар менен таанышканбыз. Ошондо атасына окшош экен деп койгом.
Ал эми «Саякбай» тасмасына кастинг жарыялаганда биз алгач башка актёрлорду чакырып көрдүк. Бирок сырт жагынан окшош актёрлорду тапсак дагы улуу ойчулдун бейнесин бирөө да ачып бере алган жок.
Ойлонуп олтуруп эле Эльдарды чакырсак деген ой келди. Кастингге келээри менен мага анын сүйлөгөн манерасы жакты. Кудум эле атасындай шашпай, ар сөздү таптап, сүйлөөрдө ойун топтоп алганын белгиледим.
Жада калса акценти дагы атасыныкындай экен. Чыңгыз агабыз орусча сүйлөгөндө да, кыргызча сүйлөгөндө да өзүнө гана таандык акценти бар эле. Бирок албетте актёрлук жактан биз чоң жардам бердик, өзү дагы жоопкерчилик менен талбай иштеп атып атасынын образын мыкты жаратты.
- Улуу инсандардан үлгү алып жашагандар чанда гана. Сиздин көз-карашыңызды уксак...
- Улуу инсандардан үлгү алып жашоо кыйын. Алардан үлгү катары эмнени ала алат? Керт башыңдын эмес, элиндин камын көрүп олтуруп бүт азаптын баарын башына үйүп алуунубу?
Баары эле ага бара бербейт. Ал эми кыргыздарда гана өз балдарына "Элине кызмат кылган азамат бол» деп бата беришет. Мекенге кызмат кылуу - улуулуктун белгиси.
- Түндү жаркыратып турган узак жайгашкан жылдыздар. Дегеним элге эмгегиңиз сиңип калды. Наам тууралуу оюңузду уксак...
- Азыркы наам берүү системасына бүт турпатым менен каршымын. Наамга илинбей калып ушинтип сүйлөп атат дебегиле.
Беш Президенттин тушунда беш жолу наам алып беребиз, документиңди даярда деген сунуштардан баш тарткам. Сунуш кылган кишилердин көздөрү тирүү. Кесирликтен эмес, эсиргендиктен дагы эмес. 24 жыл мурун киного жаңыдан баш багып келгенде наамдарды алып салбайлыбы деген сунуш киргизгем.
Ошондо бир аксакал менин оозумду бир эле сөз менен жаап салган: Сен биринчи наамга татыктуу болуп алчы, анан ушул сунушуңду киргиз» деп. Эми ошол сунушумду кайталап берейин, 26 жылдан кийин. Азыркы наам системасы менен биз, чыгармачылык инсандар, бийликтин сылаганына зар болгон ит-күчүктөрүнө окшошпуз.
"Мен бийликтин короосун канча жылдан бери кайтарып келем, а тигил күчүк жаңы келе калып эле кожоюндун сылаганына ээ болуп калды" - деп атаандашабыз. Ошондон улам интрига, көралбастык, ушак менен эле алек болгон чыгармачылык чөйрө.
Эми, элестетип көргүлө башкача системаны. Чыгармачылык инсан ар кандай себептерден өзүнүн чыгармачылыгын 60 жаштан кийин аткара албай калды. Ооруганынан же карылыгынан. Анан анын арызынын негизинде наам берүү комиссиясы анын өмүр баянын карап чыгат.
Эгерде чыгармачылыгын дүйнө жүзү тааныган болсо анда эл аралык деңгээлдеги артист (тийштүү пенсиясы жана льготалар менен). Эгерде чыгармачылыгы кыргыз эли гана ардактаса анда Кыргыз Республикасынын денгээлиндеги артист (тийиштүү пенсиясы жана льготалар менен).
Эгерде чыгармачылык чөйрөдө кадыресе эле эмгек кылган болсо анда ардак грамота менен сыйланып кадыр эсе эле пенсияга узайт. Ошондо жаштар наам алабыз деп чуркабай, атыбызды алыска угузабыз, элге кызмат кылабыз, карыганда өзүбүздү өзүбүз баккандай упай топтойбуз деп чыгармачылыгын өөрчүтмөк.
Ал эми чыгармачыл адам 80-90 го чыкканга чейин күүлү-күчтүү болуп улуу чыгармаларды жарата берсе, анда ага наамдын эмне кереги бар? Пенсиянын эмне кереги бар? 26 жылдан бери бул суроону эч ким берген эмес эле, кыязы айта турган кезек келди бейм. Наам тууралуу менин оюм ушундай!
Динара Асылбекова
Булак: NazarNews.kg