www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1. Меланья 1970- жылы 26-апрелде төрөлгөн. 16 жашында архитектура жана дизайн институтуна тапшырып бир аз убакыт өткөндөн кийин, модель болуу үчүн окуусунан чыгып кеткен.

2. Меланья Миланга келген соң, Италиядагы, Францияда мода көргөзмөлөрүно катышкан. Турмушка чыккан соң дүйнө жүзүнө белгилүү Vogue, Haspers Bazaar, Ocean Drive, Стайл, New York, Аллюр, Vanity Fair, Glamour журналдардын башкы беттерине чыккан.

3. Меланья 5 тилде экрин сүйлөй алат. Алар: Англис, француз, немис, серб, словен тилдери.

4. Меланьянын Дональд Трамп менен таанышуусу 1998-жылы Нью-Йорктогу кечтериндин биринде болгон. Миллиардер моделге өзгөчө сезим калтырган эмес. Бирок, ал бир жолугушуу менен токтоп калбастан, ага кам көрүп, тан калтырып, кымбат баалуу белектерди тартуулап сулуунун жүрөгүн багындырып, бир нече айдан соң сүйүү мамилесин курушкан.

5. 2005-жылы, Меланья менен Дональд баш кошушкан. Үйлөнүү тойго 350 конок чакырылган, алардын арасында - Билл жана Хиллари Клинтон, Ашер, Арнольд Шварцнеггер, Хайди Клум, Анна Винтур болгон. Меланьянын 20 килограммдык укмуш үлпөт 200 миң долларга тигилген.

6. Меланья күйөөсүнөн 24 жашка кичүү, ал Дональдга 2006-жылы Баррон аттуу уул төрөп берген. 10-жаштагы Баррон костьюмдарды тигүүгө жана мода көрсөтмөлөрдү көрүүнү жакшы көрөт.

7. Меланья- журналдын башкы бетине биринчилерден болуп жылаңач сүрөткө түшүп чыкканы үчүн тарыхта калган. Анын денеси ачык сүрөттөрү “GQ”, “Max” сыяктуу мырзаларга арналган журналдарга чыккан.

8. Меланья учурда дүйнөдөгү эң сексуалдуу хан айымы болуп саналат. Ага чейин бул статуска Карла Бруни болуп келген.

9. Меланьянын өз бизнеси бар. Анын зер буюмдарды жарыкка чыгара турган компаниясы бар. Мындан сырткары косметикалык каражаттарын да өндүрөт.

10. Меланья учурда аялдардын жана балдардын укугун коргоо менен алек болууну пландоодо.

Аруужан Булекбаева, "NazarNews.kg"

Последние новости