www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Артур мырза, кечээки Ата-Мекен фракциясы тарабынан Президент Алмазбек Атамбаевге жана анын жубайына тийешелүү болгон документ жөнүндө эмнелерди айта аласыз? Дача-Суга кулаган учактагы жүк чын эле өлкө башчынын жана биринчи айымга тийешелүү болуп калышы мүмкүнбү?
-Бул маселени эки тараптуу карасак болот. Биринчиси эң негизгиси атайын документтери президентин атынан жазылган документ экен. Ал документти кандайдыр бир иштердин же кызык окуялардын негизинде документтин көчүрмөсү башка адамдарга түшүп калганы өтө таң калыштуу. Экинчиден бул документ оперативдүү маалымат. Оперативдүү маалыматтын ушундай деңгээлде жазылышы дагы күмөн. Үчүнчүдөн бул документ окуялардын жана ушул окуяга катышкан фигуралардын аттарынын аталышы дагы кандайдыр бир деңгээлде күмөндүү ойлорду элестетет. Мындан тышкары ачыгын айтсак кээде ушуга окшогон документтерди авиа компаниялар камсыздоону төлөбөш үчүн кандайдыр бир адамдарды жалдап, же өздөрүнүн атайын кызматтагы адамдарын жалдап кандайдыр бир документтерди даярдап элге таркаттууга, ошондой эле биздин мамлекеттеги оппозициялык маанайдагы адамдарга маалымат катары жиберүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн учурлап пайда болот. Ачык эле айтыш керек, ушуга окшогон маалыматтардын айынан дүйнө жүзүндө согуштар дагы болуп келген. Мисалы Англиянын атайын кызматынын адамдары убагында Ирактагы химиялык оор жарылуучу заттар бар деп туура эмес маалымат бергенинин негизинде кийин согуш ачылып кеткен. Же болбосо алыс кетпей эле биздин мамлекеттин дагы жогорку бийликке кете турган документтер жоголуп, же болбосо кандайдыр бир дңгээлде ачыкка чыгып калган учурлар дагы көп эле кездешкен. Ошондуктан бул документти бүгүнкү күндө көңүл буруп, же чын эле жасалма экендигин же чындыгын такташ үчүн карап чыкса болот. Себеби канткен менен айып тагылып жатат, бул боюнча бүт коомчулукка билдирүү болгондон кийин каралып чыгышы керек. Эң негизгиси 40 жараныбыз каза болуп, ушундай кырсыкка туш кылган контрабандалык жол менен келген учактар деп биз эсептеп жатабыз. Мен буга толугу менен кошулам. Себеби буга чейинки президенттердин убагында, бүгүнкү күндө дагы транспорттук, авиа, темир жолдору менен келип жаткан товарлар буга чейин келген жана азыр да келип жатат. Бул ушунчалык коррупциялык схемага өтүп кеткен. Ошондуктан мындан кутулуш арылыш өтө кыйын болуп калды. Былтыр Беллорусиянын президенти чоң бир жыйында “Кыргызстандын чек арасында чоң тешик бар, тешиктен контрабандалык жолдор менен товарлар келип турат”-деп айтты. Буга чейин дагы бир нече жолу анализ болуп келген. Биздин Кыргызстанга келген товарлардын баасынын суммасы 10 эсе башка мамлекеттен чыккан товарлардан абдан төмөн болуп кеткен. 2-4 миллиард долларга чейин. Бул ушундай ачыктан ачык, биздин Кыргызстанда болуп жаткан контробандалык системалардын дагы деле иштеп жаткандыгын билдирип турат. Эми буларга жогорку деңгээлдеги атка минерлердин тийешеси бар, буга эч ким күмөн санабайт деп ойлойм. Мындан сырткары чек ара, бажы тармагынын кызматкерлери ушуга байланыштуу болгон укук коргоо кызматкерлери бул боюнча муну көп жылдардан бери жакшы билишет. Алардын кээ бир ыплас схемалуу жол менен иштеген жетекчилеринин иштерин же ушуга байланыштуу иштеген адамдары кийлигишип ушул боюнча шугулданып келишет. Буга бөгөт кою абдан оор болуп калган. Жөнөкөй эле мисал бүгүнкү күндө Кыргызстандан өзүбүздүн жакынкы эле мамлекеттерге контробандалык жол менен чыгып жаткан күйүүчү майлар дагы деле болсо болуп турат. Бул боюнча бир нече деген мисалдар дагы келтирилген, ошондуктан бүгүнкү күндө бул абдан татаал опурталдуу иш болгондуктан эгерде биздин укук коргоо органдары ушул боюнча териштирүү иштерди таза чын адилеттүүлүк Кыргызстандын мыйзамынын негизги нормалары менен туура көргөзсө көп контробандалык жол менен шугулданган жогорку деңгээлдеги атка минерлердин ысымдары эмес алардын схемалары кошо чыгып калышы мүмкүн. Бирок бүгүнкү күндө ушундай болуп калышына коомчулукту абдан ойлондурат.
-Турциядан келген документте 18 ката бар экен. Ушунча катадан кийин бул документтин “чындыгына” кантип ишенсе болот?
- Өткөндө “Белизгейт” маселеси чыкканда ондон ашык ката чыккан. Ондон ашык ката чыккандыктан оперативдик негизде айыптоолор болгон. Азыр деле ошонун жообу болуп жатат. Президентке жазылган расмий документтин үтүрүн же чекитин койбой койсо башка болмок. 18 ката болушу мүмкүн эмес эле. Мен жана да айттым азыр да айтам ушуга атайын кызыктар болгон компаниянын камсыздандырган агенттиктин кызматкерлери дагы таасирин тийгизиши мүмкүн. Же болбосо Турциянын өзүндө дагы президентке каршы иштеген адамдары бар. Себеби былтыр төңкөрүш болуп кете жаздап араң калышпадыбы. Дагы деле болсо алардын арасында жашыруун негизде ага каршы иштеген адамдар дагы пайдаланышы мүмкүн. Же болбосо шылуундар кандайдыр бир деңгээлде ушундай документти жасап, оор трагедиялуу окуядан акча табыш үчүн шугулданган учурлар дагы болот. Документти баардык жактан карап, мүмкүнчүлүк болсо коюлган мөөрлөргө байланыштуу текшерүү иштерин жүргүзсө балким ким аркылуу жасалганы чыгып калышы мүмкүн. Ачык эле айтаар элем, бул боюнча элчилиги билдирүү жасады. Элчилик чынын айтканда чалгын же атайын кызматтын кызматкерлери документтерди жибергенде алар элчилик аркылуу эмес, президенттин жанындагы көп адамдар билбей калышы мүмкүн. Бул документти кээ бир ошол жактагы адамдар кийин таппасын деп бурмалап атайын ката да киргизиши мүмкүн. Бул териштирүү жана иликтөөнүн негизинде көп нерселер белгилүү болот.
Баян Кулова, «Жаңы ОРДО»