www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз паспортундагы “улут” деген графаны алып салууга сиздин пикириңиз кандай?
Өткөн жума күнү бул маселени фракцияда карап, Конституцияга карап ар бир адам өзүнүн улутун тастыктайт деген беренеге такап жыйынтык чыгардык. Паспорттордун баардыгы мурдагы эле паспорттордо жазылгандай улуту жазылсын деген чечимге келдик. Бирок ар бир адамдын каалоосу менен болсун. Эгерде мен кыргызмын деп жазгым келсе жазып беришсин. Бул демократия деген ушул. Тандоону адам баласы өзүнүн эркине коюшу керек. Жаңы Конституциянын редакциясы боюнча дагы ар бир адам баласы өзүнүн этностук ким экенин тактоо өзүнүн укугу. Ошондуктан мурдагы паспорттогудай улут деген жазылсын деп чечимди өкмөткө жибердик. Өзүм деле паспортумда кыргыз деген жазуу болуусун каалайм. Мен гана эмес, неберемдин паспортунда кыргыз деген жазуу болушун каалайт элем. Кыргыз Республикасынын жараны, кыргыз экендигин тастыктап турса жаман болбойт эле.
Баяна Кулова, «Жаңы Ордо»