www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ККК УКМК «Альфа Телеком» ЖАК мамлекеттик байланыш операторунун коопсуздук дирекциясы менен биргеликте жүргүзгөн иш-чаранын алкагында, атайын жабдыктарды жана абоненттик номерлерди колдонуу менен аталган мекемеге эл аралык трафикти мыйзамсыз  жеткирген фактысы аныкталды.

Такталгандай, аталган адамдар атайын жабдыктын жардамы менен бир канча ай ичинде жергиликтүү байланыш операторлордун трафигин мыйзамсыз колдонуп, эл аралык байланышты камсыз кылып келишкен.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул мыйзамсыз иштердин уюштуруучулары «У.М.М.», «У.Б.К», «А.Б.А», жана аларга тиешеси бар деген шек менен «АльфаТелеком» ЖАК кызматкери «Н.О.Т» кармалды.

Белгилей кетсек, сотко чейинки териштирүүнүн негизинде, Бишкек шаарынын 4 жеринде тинтүү жүргүзүлүп, 4 даана атайын (GSM) жабдыктары, 5 даана “SIMBOX!, «Альфа-Телеком» жана «Скаймобайл» ЖАК 3 миңдей сим-карталары табылган.

Азыркы убакта «Альфа-Телеком» жана «Скаймобайл» ЖАК келтирилген зыян такталып жатат.

КР УКМК Басма-сөз борбору, тел. 661455

Последние новости