www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн аптада  КТРКнын Байкоочу кеңешинин бир мүчөсү  Жогорку Кеңеште депутаттардын добуш берүүсү менен бекитилип, анын жыйынтыгы коомчулук арасында чоң талкууну жаратты. Алгачкы добуш берүүдө Чынар Капарова озуп чыгып, бирок экинчи ирет добуш берүүдө Атыркүл Сарыбаева алдыга чыккан. Гезитибиздин өткөн санында Чынар Капарованын маеги жарык көргөн, бул ирет, Сарыбаева деген ким, анын максаты эмне, мына ушул суроолорго жооп алдык.

-Атыркүл айым, КТРКнын  коомдук байкоочу кеңешине мүчөлүккө бекип калганыңыз бир топ чууну жаратты. Сизди “Асмандан түшкөн Атыркүл” дешип, коомчулук  таң калышканын жашырышкан жок. Сөздү ошондон баштасак, буга чейин эмне менен алектенип келгенсиз?

-Анда эмесе студент кезимден баштайын. Б. Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна  тапшырып, 3-курста сабактан сырткары  радиодо иштей баштадым. Диплом ала электигиме байланыштуу мыйзамдуу түрдө штатка кире алган жокмун. Окуумду ийгиликтүү аяктап, штаттык кабарчы кызматын аркаладым. Андан көп өтпөй, 1995-жылы дикторлукка сынак жарыяланып, КТРКга штатка кирип  жумушка орноштум. Үч жыл эмгектендим. Турмуш шартка байланыштуу иштен кетүүгө туура келди. Арадан эки жыл өттү. 2000-жылы  «Ашар козголушу» коому түзүлүп, он тогуз жылдан бери  жаңы конуштарда жашаган элдин маселесин көтөрүү менен ар кандай кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүп келебиз. Социалдык көйгөйлөрдү көтөрүп, чечилбей жаткан маселелерди кабыргасынан коюп келебиз.

-Байкоочу кеңешке эмне максат менен келдиңиз?

Президент Сооронбай Жээнбеков,  2019-жылды «Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы» деп жарыялады. Дегеним, өзүм дунгандар  жык жайгашкан Ысык-Ата районунда жашайм. Дунгандар жайды жайлай жер иштетип, күзүндө түшүмүн сатып, оокатын кылып келишет. Алар  эч качан үй-бүлөсүн таштап, мигрант болуп иш издеп кетишпейт. Бирок,  айыл жергесиндеги жер төлөдө жаткан түшүмдөр чирий баштады. Мына эртең эле жаз келет, карапайым дыйкан кантет?  Биз бул маселени канткенде чече алабыз? Ушул маселелерди көтөрүп, карапайым элдин көйгөйүн угуп, чечилбей келген маселелерди коомдук канал аркылуу чагылдырсам деген изги тилек менен келгем. «Ашар козголушу» коому мени колдоп, мени сунушташты.

-Чынар  Капарова ошол күнү  таң эрте эле сиздин келээриңизди билгенин жана бул да өзүнчө саясат экенин айтып келет, сиздин пикириңиз?

-Байкоочу кеңешке мүчөлүккө талапкер болгондордун баарысы  билимдүү, татыктуу, тажрыйбалуу инсандар.  Мен Чынарды аял катары жакшы түшүнөм, жолдошунан эрте ажырап, эки уулун жалгыз тарбиялаган аял ызалуу болот. Ошондой эле «өзүңдү эр ойлосоң, бирөөнү шер ойло» — деп коёт. Чынардын,  «мен кыйынмын, башка оппоненттерим КТРКнын  «к» тамгасын билбейт» деген тариздеги ою өтө жаңылыштык. Чынара Капарова КТРКнын ашканасын жакшы билсе, коомдун көйгөйүн, чечилбей жаткан маселесин мен жакшы билем. «Ачуу-душман, акыл-дос» — деп коёт. Ачууга алдырып, жаман-жакшы айтышкым келбейт. Ошондой эле Байкоочу кеңеште тажрыйбалуу, мыкты инсандар иштеп келген жана иштей берет. Элге төбөсү  көрүнгөн инсандардын башын, жашын аттап,  «Байкоочу кеңеште бийликке каршы сүйлөй албаган адамдар олтурат» -деп айтуунун өзү адепсиздик. Баса, бул конкурстун жыйынтыгы чыгаар замат массалык маалымат каражаттарына, «бийлик тараптын таасири болду» деген таризде интервью бере баштаган.

-Бирок биринчи добуш берүүдө Капарова алдыга озуп чыкты го?

-Ооба, биринчи шайлоодо Чынар сап башына чыкты. Аны эч ким танбайт. Шашылыш шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин,  «Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев,  «эмнеге мынча шашылыш шайлап салдык, биз булардын да оюн угуп көрбөйлүбү»  деген сунушуна, «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз кошулду. Ошол маалда коммитеттен өткөн бир талапкер кечигип кирип келди. Ошондо Аида Касымалиева,  «танаписке дагы 2 мүнөт бар, жыйынтыктайбызбы же танапистен кийин каралабы, добушкка койдум» деген, тилекке каршы, баары танапистен кийин деп коюшту. Бирок, Чынар  бул нерсени айтпай келет.

-Сизди Асылбек Жээнбековдун  кудачасы дешти.  Кандайча кудачасы болосуз?

Жээнбековдор менен менин эч кандай тааныштыгым жок. Кыргыздар бири-бирин сураштыра келсе тууган болуп  чыга келет эмеспи. Бирок, менин Жээнбековдор менен эч кандай тааныштыгым, байланышым жок. Бул карандай  эле жалаа. Мен асмандан түшүп калган жокмун. Тектүү элдин, тектүү жердин кызымын. Менин да кайын журтум, тууган-уругум, жоро-жолдош, курбу курдашым бар дегендей. Керек болсо санжырага салып, урук-тууганымды сүрүштүрүп, сураштырып көрсөңөр да болот. Мен Жээнбековдорго кудача болмок тургай, караандабайм. Бул жерде мен бирөөнүн ордун тартып алган жокмун. Мен болгону КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлигимди коюп, Жогорку Кеңештен бекип  келдим. «Сабырдын түбү сары алтын» — деп коёт, менин дарегиме айтылган сынды туура кабыл алам. Ошол эле учурда менин басып өткөн өмүр жолума баам сала албаган адам, менин кемчилигимди гана көрөт. Өзүм бирөөнүн жеке турмушуна же иш алып баруусуна оңой менен сын айтпайм. Анткени, мен аз эле адамдын өмүр таржымалын билем. Демек, билбей туруп сырттан сын айтуу адамдык сапатка жатпайт.

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости