www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Улукбек Марипов салык жана бажы процедураларын санариптештирүүнү ишке киргизүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө ушул жылга салык жана бажы процедураларын санариптештирүү боюнча «Жол картасы» каралды жана тийиштүү сунуштар жана толуктоолор берилди.

Премьер-министр Улукбек Марипов киргизилип жаткан товарларды тыкыр эсепке алууну камсыздоо, салык төлөөчүлөр менен өз-ара аракеттешүүнүн бардык процедураларын санариптештирүү үчүн иштерди ыкчамдатуу, ошондой эле фискалдык органдарда заманбап аналитикалык тутумдарды түзүү жаатында ишти күчтөндүрүүнү тапшырды.

Эске салсак, ушул жылдын 1-апрелине карата «Салык төлөөчүнүн кабинети» электрондук сервисине 273 277салык төлөөчү кошулган, анын 41 461и – юридикалык жактар, 231 816и – физикалык жактар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости