www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда 3 жаштагы наристеси менен дарыяга секирүүгө аракет кылган аялды сактап калышты. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 22-апрелде аталган өлкөнүн убактысы боюнча саат 1:20лар чамасында белгисиз себептерден улам 3 жаштагы наристеси менен биргеликте Наманган облусунан өткөн Нарын дарыясына секирүүгө аракет кылган аялды Улуттук гвардиянын кызматкерлери жана өтүп бараткандар аман алып калышып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, ооруканага жеткиришкен.

Сурак учурунда, аялдын 1983-жылы туулгандыгы жана Наманган облусунун Учкурган районунун тургуну экендиги аныкталган.

Маалым болгондой, ал дарыяга секирер алдын 2017-жылы туулган баласын өзүнө байлап алган. Учурда бул иш Учкурган РИИБ тарабынан иликтенип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости