www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Италиядагы ооруканалардын биринде өрт коопсуздугунун кызматкери 15 жыл бою жумушка чыкпай, эмгек акысын алып жүргөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Италиянын Катанзаро шаарында оорукананын кызматкери 2005-жылдан бери өрт коопсуздугу бөлүмүнүн мүчөсү катары каттоодо турган. Ошол эле учурда ал бир да жолу жумушка чыккан эмес. 15 жыл иштегендиги үчүн ал 538 миң евро (болжол менен 55 миллион сом) маяна алган.

Полиция кызматкерлери ал адамды таап, ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, жасалма документ жасоо жана опузалап пара талап кылуу беренелери боюнча айып таккан. Ошондой эле оорукананын дагы алты кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, документтерди жасалмалаган жана опузалап пара талап кылган деп шектелүүдө.

Айыпталып жаткан жаран 2005-жылы жумушка барбай калгандыгы үчүн дисциплинардык протокол жазганы жаткан оорукананын директорун кысымга алган. Андан кийин директор пенсияга чыгып кетип, ал киши жумушка чыкпай жүргөн. Ал эми анын жумушка барган-барбаганы кадрлар бөлүмү тарабынан да, директордун тарабынан да эч качан текшерилген эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости