www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Март айынын башында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги менен жаш өспүрүмдөрдүн ортосундагы болгон ачык диалогдо, ошондой эле, өспүрүмдөр арасындагы орун алып жаткан кылмыштуулукту көрсөткөн талдоосу, зордук-зомбулук менен ырайымсыздык өспүрүмдөр арасындагы кылмыштын негизги мүнөздүү белгисине айланып барууда.
Негизги көйгөйлөрдүн бири - бул балдардын ден-соолугуна гана эмес, алардын психологиялык абалына да залакасын тийгизген мектептеги рэкетчилик. Ушундай жагдайга кабылган балдар көпчүлүк учурларда жардамга кайрылышпайт, анткени бул «саткынчылык» катары кабылданат. Психологиялык жактан куугунтуктоого туш болгондо, өспүрүмдү мектепке баруудан баш тартууга алып келет, бала тынчсызданат. Мунун эң жаман натыйжасы баланын өз жанын кыюуга болгон чечими болушу мүмкүн.
Алып айтканда, Ысык-Көл облусунун аймагында, жыл башынан жаш өспүрүмдөрдүн өз жандарын кыйган 5 учуру катталып, анын себептери милициянын тийиштүү кызматы тарабынан текшерилүүдө. Өспүрүмдөр тарабынан 10 кылмыш фактысы жасалып, анын ичинде уурулук менен бирге автоунааларды айдап качуу учурлары да кездеше баштады.
Ушундан улам, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрүн, жашы жете электер арасындагы жаңы реалдуулукка негизделген балдар менен иштөөнүн жаңы ыкмаларына үйрөтүү чечими кабыл алынган.
Жакында, Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын демилгеси жана Людвиг Больцман Адам Укуктары Институтунун колдоосу менен «Балдардын укугун коргоочулардын лигасы» коомдук фондунун менен биргеликте, Каракол шаарында «Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери зомбулуктун алдын алууда өспүрүмдөр менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү» деген темада бир катар семинар-тренингдер болуп өттү. Бир жуманын аралыгында өткөн семинар-тернингде облустун ички иштер органынын жетекчилери жана ЖӨИнин тескөөчүлөрү катышышты.
«Балдар укугун коргоочулардын лигасы» коомдук фондунун атайын психологдору жана кесипкөй адистери тренинг-семинарда милиция кызматкерлери менен бирдикте, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана өз жандарына кол салуунун алдын алуу боюнча профилактика тутумун өнүктүрүүдөгү жаӊы инновациялык ыкмаларды карап чыгышты. Иш чаранын катышуучулары, турмушта орун алган конкреттүү фактылардын негизинде, жаш өспүрүм зордук-зомбулуктун жана ырайымсыздыктын чегинен өткөнгө эмне себеп болгондорун, ошондой эле, баланы кылмышка түрткөн кандай өбөлгөлөр орун алгандарын талкуулашып, түзүлгөн абалдан кандай жолдор менен чыгууга болмок мисалдарын карап чыгышты.
«Балдар укуктарын коргоочулар лигасынын» коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекованын айтымында, бул окутуу семинарынын максаты - жаш курагында кылмыш жасаган өспүрүмдөр менен иштөөдө эски жазалоочу укуктук чектөөлөрдүн ордуна жаңы психологиялык-педагогикалык чараларды колдонуу болуп саналат.
Тактап айтканда, жаш өспүрүмдүн жанан анын үй-бүлөсүнүн социалдык портретин түзүү, башкача айтканда, бала менен жекече профилактикалык иш жүргүзүү үчүн маанилүү болгон туугандык даражасын, анын ордун, кесиптик жумушун жана башка биографиялык маалыматтарды белгилөө. Ушундан улам, коомдо тийиштүү абройго жетүү үчүн кылмышсыз жашап, турмуштан конкреттүү мисал келтирүү менен балдарга жолдорду сунуштоо.
Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Канат Джумагазиев, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрүнө сертификаттарды тапшырып жатып, балдар менен иштөөдө милиция кызматкерлеринин жаӊы образы керек экендигин белгиледи.
«Милиция кызматкери балдардын досу жана насаатчысы, өз тармагынын кесипкөйү, социолог менен психологдун сапаттарын айкалыштырган, жигердүү жана демилгелүү инсан болушу керек. Башка сөз менен айтканда, ЖӨИнин инспектору, өспүрүм үчүн маанилүү окуяларда, аны коштоп жүргөн «жакшы» көлөкөсүнө айланышы керек».
Булак: NazarNews.kg