www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында өткөн көчмө кеңешмеде "Асман экологиялык таза шаар" долбоорун ишке ашыруу талкууланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Схема проекта Экологически чистый город Асман

Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында өткөн көчмө кеңешмеде "Асман экологиялык таза шаар" долбоорун ишке ашыруу талкууланды

Аталган жыйынга бүгүн мамлекет башчынын кеңешчиси Равшанбек Сабировдун төрагалыгы алдында долбоорду ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ катышкан.

 В селе Тору-Айгыр в Иссык-Кульской области состоялось выездное совещание Межведомственной рабочей группы по разработке проектных решений в рамках реализации проекта Экологически чистый город Асман

Топтун курамына Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышов (топтун жетекчиси), айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министринин орун басары Нурлан Шерипов жана ишке тартылган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген.

Местность в Иссык-Кульской области, где планируется строительство проекта Экологически чистый город Асман

"Ведомстволор аралык жумушчу топ жаңы шаар куруу мүмкүнчүлүктөрүнө баа берет, ушул сыяктуу эл аралык долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбаларын иликтейт. Ошондой эле пилоттук долбоордун концепциясы менен экологиялык критерийлерин иштеп чыгуу боюнча изилдөө багыттарынын тизмеси даярдалат", — деп жазылган билдирүүдө.

Местность в Иссык-Кульской области, где планируется строительство проекта Экологически чистый город Асман

Аткарылган иштердин жыйынтыгында шаар куруунун долбоордук документтеринин толук пакети менен жыйынтыктоочу координациялык план министрлер кабинетине киргизилет.

"Асман экологиялык таза шаарын" 4 миң гектар жерге 500 миң кишинин туруктуу жашоосуна ылайыктап куруу пландалган.

Булак: NazarNews.kg​​​​​​​

Последние новости