www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийлик кадыр-баркын сактап калам десе, буга чейинки уланып келген бандиттизмди, басып алуу, коркутуу, эски сасык тойбогон саясатчылардан толук арылышы керек. Мындай пикирди жарандык активист Нияз Сариев билдирди.

«Октябрь окуясы бекер болуп калбаса...

Бийлик жаңыланды деп көп жакшылыктарга үмүт кылдым эле. Бирок тилекке каршы эски калдыктар, эски адаттар жаңыланбай жатат. Эски саясат дагы деле калбай, өлкөнү сазга тартуу жана майлуу кресло маанилүү болуп, өлкөм үчүн иштейбиз, экономикага салым кошолу, элдин жашоосун жеңилдетели деген мыкты, таза жигиттерге бут тосуулар болуп жатканы, бийликке абийир алып келбейт. Анда 4-Октябрь окуясы бекер эле болгон болуп калат. Бийликти бекер эле алмашкан экенбиз дегендер болот...

Бийлик кадыр-баркын сактап калам десе, буга чейинки уланып келген бандиттизмди, басып алуу, коркутуу, эски сасык тойбогон саясатчылардан толук арылып, мамлекет үчүн, элибиз үчүн иштеп жаткан жаш мыкты жигиттерди алдыга алып чыгышы керек...

Бул эски саясатчыларын каралоодон, монополия кылгандан, креслого жабышкандан башка колдорунан эчнерсе келбей калды... Президенттик башкарууга өттүк, демек Президенттибиз Садыр Жапаров, коркутууга, кысым кылган кайсыл бир орган болбосун, мэр болбосун, министр болбосун жумуштан алып чекит коюп, элдик президент болсо эмнеге колдобой коймокпуз. Баарыбыз колдойбуз. Болгону ушул мамлекеттик кызматтагылар элдин тандоосуна каршы чыгып, элди бузушпаса болгону», - деп кошумчалаган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости