www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төлгөсү төп келген, кырсыктарды алдын-ала билген айтымчы, Света Тойгонбаева алдыдагы боло турган парламенттик шайлоо тууралуу NazarNews маалымат агенттигине айтып берди.
"Бул шайлоо таза өтөт, бийлик кийлигишпейт дегени менен партиялар ортосундагы атаандашуу, бир мандаттуу округдан чыккандардын ортосундагы кармаш катуу болот. Эки партиянын ортосунда жаңжал чыгып, акча менен кармалышып, шайлоодон четтеп калып, элди толкутуп коюшу ыктымал деген аян келип жатат. Ошон үчүн мандатты гана көздөбөй шайлоого аттанган талапкерлер мамлекеттин эртеңкисин да ойлоп иш кылышы керек.
Элди ынтымакка чакырышы керек. Эгер элди ойлобой мансапка гана жулуна беришсе, оорулар күч алып, Кыргызстандын абалы оорлоп, эл да бийлик да кыйналып калышы мүмкүн. Ошон үчүн булар жети өлчөп бир кесиши керек. Президент да бардык ызы-чууну алдын алып, учурунда чара көрүшү керек", - деди ал.
Булак: NazarNews.kg