www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төлгөсү төп келген, кырсыктарды алдын-ала билген айтымчы, Света Тойгонбаева КР экс-Акыйкатчысы Токон Мамытов тууралуу NazarNews маалымат агенттигине айтып берди.

"Акыйкатчылык кызматтан кеткени Токон Мамытовду жакын арада бийлик бутагына келгенин көрбөй турам. Таасирдүү партияга кошулдум деп өзүн өзү соороткону менен ийгиликке жетет”,деп айталбайм. Бирок, аракет кыла берсин деген кеңешимди берем. Ийгилик каалайм", - деди айтымчы.

Эске сала кетсек Токон Мамытов 1953-жылы 18-декабрда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган.

Билими

  • 1979-жылы — Пржевальск педагогикалык институтун аяктаган;
  • 1980-1981 — Минск шаарындагы СССРдин КГБсынын жогорку курсунда окуган;
  • 1987-жылы — Андропов атындагы СССР КГБсынын Кызыл Туулуу институтун аяктаган.

Эмгек жолу

  • 1972-1974 — Советтик Армияда кызмат өтөгөн;
  • 1974-1975 — Ысык-Көл ПМКсында слесарь;
  • 1979-1980 — Пржевальск шаардык элдик билим берүү бөлүмүндө методист;
  • 1981-1992 — Ысык-Көл облусу боюнча КГБ башкармалыгында ыкчам-тергөө иштери боюнча ага кызматкер, бөлүмдүн начальниги;
  • 1992-1992 — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Кочкор райондук бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 1992-1997 — УКМК, Улуттук коопсуздук министрлигинде начальниктин орун басары, бөлүмдүн начальниги, башкармалыктын начальниги;
  • 1997-2002 — Улуттук коопсуздук министринин орун басары, башкармалыктын жетекчиси;
  • 2002-2002 — Коргоо министринин орун басары;
  • 2002-2005 — Улуттук коопсуздук кызматынын орун басары жана биринчи орун басары;
  • 2005-2007— Президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары, канцелярия жетекчиси;
  • 2007-2008 — Коргоо кеңешинин катчысы;
  • 2008-2009 — Президенттик администрацияда мамлекеттик кеңешчи;
  • 2009-2009 — Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;
  • 2010-2013 — Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты;
  • 01.2013-05.2013 — Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;
  • 05.2013-06.2013 — Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы толук ыйгарымдуу өкүлү;
  • 06.2013-04.2014 — Вице-премьер-министр
  • 06.2014- 04.2015 "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун төрагасы;
  • 2016-жылдын апрель айынан тарта Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы;
  • 2016-жылдан май айынан тарта премьер-министрдин кеңешчиси;
  • 27.09.2018 — КР акыйкатчысы.

Саясат таануу илимдеринин доктору, генерал-лейтенант, 2-класстагы мамлекеттик кеңешчи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости