www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көп жылдардан бери өлкөдө мамлекеттик идеологияны элге жеткирүү аксап жатканы чындык. Бул ишти КТРК аткарыш керек болчу. “Коомдук” деген статуска ээ болгон КТРК мамлекеттик идеологияны жүргүзүүнүн ордуна, бийлик башына келгендердин жакын адамдары олтурчу “ыйык” жерге айланып калганы жалганбы? Коомчулук тараптан дагы өлкөнүн негизги жүзү болгон КТРКга айтылбаган сын калбаган. Жапаров бийликке келгени мамлекеттик идеологияга катуу көңүл бура баштаганы көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгону чындык.

Бирок, КТРК өлкө башчынын ошол саясатын алгылыктуу алып бара албай жатат. Атамбаевдин жеке оператору болуп жүргөн Улан Сатиев куттуу жерге төраганын орун басары болуп дайындалып барганда мамлекеттик идеологияны, телевидениенин табиятын түшүнгөндөр жерге түкүрүшкөн болчу. Өлкөнүн биринчи каналында таң атпай криминалды даңазалаган кинонун берилип жатканы мамлекеттик идеологияга туура келеби? Же КТРК кыргыз жаштарын идеология менен суугаргандын ордуна, криминал болууга үндөп жатабы? Бул дагы Улан Сатиевге окшогон татыксыз кадрлардын ошол жерге жетекчилик кызматка барганынын кесепети.

Баса, Сатиев азыркы президенттин мамлекеттик саясатын таратууда чабалдык кылганы үчүн КТРКнын жетекчисинин орун басарлыгынан кеткени тууралуу маалымат тарады. Бул маалыматты уккан КТРКнын тажрыйбалуу журналисттери “Уландан кутулганыбызга Кудайга шүгүр, телеге мындай кадрлар жолобой койсо жакшы болмок” деп олтурганын уктук. Өлкө башчынын саясатын, мамлекеттик идеологияны негизги каналдан тарата албаган Улан Сатиев ЭлТРга жетекчи болом деп жүрүптүр. Идеологияны, маалыматтык саясатты жүргүзө турган жерлерге президенттердин жеке операторлорунан башка тажрыйбалуу кадрлар бизде куруп калганбы? Качан татыктуу кадрлар менен мамлекеттик саясатты туура жолго коёбуз?

Последние новости