www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кылымдар тогошуп, доорлор алмашканда өздөрүнүн инсандык руху, жашаган өмүр изи, кайталангыс жана түбөлүк жашап калчу чыгармалары менен сөзсүз руханий өзөккө айланган залкарлар болот эмеспи. Аттиң дүйнө, ошондой залкарыбыз, кыргыз жана советтик драматург, кыргыз маданиятынын чыныгы символу, прозаик, публицист, сценарист, журналист, театр жана кино режиссеру, адабият таануучу, котормочу, «Манас» эпосун изилдөөгө жана пропагандалоого зор салым кошкон классигибиз, кыргыз эли таянган алп тоолорунун бири Мар Байжиев ушунчалык күтүүсүз жана байкалбай бизди таштап кетти. Артында баа жеткис нерсени калтырып, өлбөстүктүн Ааламына биротоло кетти...

​Ушул күздүн башында эле Мар Агай, атайлап өкмөткө келип, маданияттын, адабияттын келечек тагдыры, ахвалы, бүгүнкү күндө жаштарыбыздын адеп-ахлактык, чыгармачылык мамилелери жөнүндө өзүнүн ой толгоолорун, пландарын айтып, “кагылайын” деген өзүнө гана таандык феноменалдуу сөзү менен ийгилик каалап, бата берип, атайлап ала келген, 2019-жылы кайра басылып чыккан “Манас, Семетей, Сейтек” котормо трилогия китебиңизди тапшырып кеттиңиз эле го...

​Эми, бүгүнкү күндөн тарта Мар Агайсыз калдык, өзүнүн драмалары, мезгили, сөзү жана өзү жөнүндө, ички дүйнөбүздү толкундантып, толуктап келген ааламын биз менен бирге калтырды да, Агай кете берди...

​Мар Байжиевдин чыгармачылыгы көп кырдуу, көп сайлуу, ой жаратуунун, сөздүн кудуретин терең туйган сүрөткер катары адабияттагы өзүнүн татыктуу ордун эчак эле ээлеген... Бирок, Мар Байжиевдин масштабындагы Таланттар эч качан бир эле доорго, же бир эле элге таандык эмес.

​Бекеринен атасы, Касым Тыныстановдун шакирти Ташым Байжиев атактуу советтик окумуштуу, филолог Николай Маррдын ысымын уулуна берген эмес экен.

​Замандын татаал моралдык-этикалык проблемаларын козгогон аңгемелери, публицистикалык макалалары жана очерктеринен тарта, Мар Байжиевдин классикага айланган драмалары «Биз эркекпиз» (1969), «Ар бир үйдө майрам» (1972), «Кыз күйөө» (1978), «Байыркы жомок» (1976) ж.б.көптөгөн чыгармалары Москва, Ленинград театрларынын, дүйнөнүн ири сахналарында ийгиликтүү коюлган, Германияда, Польшада, Чехословакияда, Румынияда, Австрияда, Венгрияда, Финляндияда, Швецияда, Канадада, Коста-Рикада, Монголияда, Россия, Латвия, Литва, Эстония, Грузия, Азербайжан, Украина, Молдова, Өзбекстан, Казакстан ж.б. өлкөлөрдүн театрларынын туруктуу репертуарларына кирген.

​Мар Байжиев - кыргыз киносунун негиздөөчүлөрүнүн, “кыргыз кино кереметин” жараткандардын бири, анын сценарийи боюнча тартылган тасмалар кыргыз кино өнөрүнүн кайталангыс өрнөгү болуп калды, дүйнөлүк жана бүткүл союздук кинофестивалдарда эң жогорку дипломдор менен сыйланган. Мар агайдын сценарийинин негизинде «Ак илбирстин тукуму» («Кыргызфильм», реж. Т. Океев, 1985), «Бирөөнүн бактысы» («Өзбекфильм», реж. Т. Камалова, 1985), «Нөшөр» (Москва, реж. У. Назаров, 1979), «Нокдаун» («Кыргызфильм», реж. Т. Раззаков), «Окуя» («Кыргызфильм», реж. М. Байджиев), «Алтын күз» («Кыргызфильм», реж. Т. Океев, 1980), «Жаңы жыл түнү» («Казакфильм», режиссёр Р. Алпиев, Р. 1982), «Биз эркектербиз» (Москва, режиссёр О. Лебедев) ж.б. көркөм жана телефильмдер тартылган.

​Мар Байжиев өмүрү өткөнчө «Манас» эпосун изилдөөгө, жайылтууга чексиз кызмат кылды, эпос жөнүндөгү биринчи даректүү тасманын сценаристи (1961ж., режиссёр Л.Турусбекова), репрессияга учураган манастаануучулар Э.Д. Поливанов, Т.Байжиев жана З.Бектенов атындагы сыйлыкты негиздеди, «Манас» эпосунун энциклопедиялык үч томдугун орус, өзбек жана англис тилдеринде басып чыгарды, «Манас» таануу илиминин басып өткөн жолу, эпостун поэтикасына, музыкасына, философиялык маанисине илимий баа берген чыныгы кесипкөй манас таануучу, билингивист көркөм котормочу болду.

​2008-жылы Сагымбай Орозбаковдун, Саякбай Каралаевдин жана башка дастанчылардын варианттарынын негизинде “Манас” эпосун кыргыз тилинен орус тилине көркөм которгон. Котормо биринчи жолу сап аралык котормолорго муктаж болбогон, эпостун улуулугун эн мыкты билип тушунгон жана баалаган, манасчы менен бир катарда турган, эки тилди бирдей мыкты билген кош тилдүү жазуучу сүрөткер тарабынан аткарылгандыгы менен баалуу.

​Андан тышкары, Д.Фурмановдун чыгармаларын, А.Чеховдун, Ж.Коктонун пьесаларын которгон, М.Байжиевдин котормосунда В.Шекспирдин “Антоний менен Клеопатра” трагедиясы кыргыз сахнасында коюлган.

​Мар Агай Жараткандан берилген өзүнүн кайталангыс Талантына өмүрүнүн акырына чейин бир секунда да “калп” айткан жок, улуу Сөзгө ар дайым таазим этип, шыктануу менен жашап жана иштеди, кыргыз элин, маданият, адабиятын, жашоону чындап сүйүп, татыктуу жашады, кыргыз жерине, мамлекетине ак ниет жана толук берилгендик менен соңку деми чыкканча тынымсыз кызмат кылды. Ар бир пендеге мындай суктанаарлык тагдыр туш келбейт.

​Рух өлбөс дейт... Сиздин рухуңуз, таланттуу чыгармаларыңыз, ысымыңыз кыргыз барда унутулбайт! ​Мар Агай! Ыйманыңыз саламат, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!

​​Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти Жылдыз Бакашова

Последние новости