www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Булар акча коротуп бизнес түптөгөндөр эмес, Инстаграмм баракчасында миллион катталуучусу бар аккаунттар. Биздин шоу-бизнестен ондон ашык мындай аккаунт бар экен. Алар кимдер? Инстаграм баракчасы аркылуу кантип акча табышат? Мына ушул тууралуу "Леди KG" гезити жарыялады.

Алгачкы "миллионер" айым Самара Каримова Инстаграмм баракчасын 2014-жылы 22-мартта ачкан. Азыркы учурда ырчынын 1,7 миллион колдонуучусу бар.  Кыргызстан боюнча алгачкы жолу миллион катталуучу топтогон Самара каримова мындай жаңылыктын урматына Бишкек жана Ош шаарларына кече өткөрүп, бир топ жакындарынын башын бириктирген. Бүгүнкү күндө Самаранын баракчасына Орто Азиядагы ар кайсы мамлекеттерден катталгандар бар. Бир публикациясынын наркы Кыргызстандын ичинде 300-400 доллар болсо, башка мамлекеттер үчүн 500 доллардан жогору болот. 

Инстаграмдан каражат табууга кызыкпаган Нурлан Насиптин  баракчасы 2013-жылы 8-октябрда ачылып, азыркы тапта колдонуучуларынын саны 1,5 миллионго жеткен.  Мырзалардын арасынан ал убактагы  кесиптеши, азыркы учурдагы жубайы Асель Кадырбекованын сунушу менен ачкан. Ырчы тааныштарын колдоо иретинде ишмердүүлүктөрүн акысыз эле жарнамалап берет. Акы төлөп жарнама кылгысы келгендер көп болгону менен бул жаатка анчейин көңүл буруп, Инстаграммдан каражат табууга кызыга бербейт. Ошентсе да, сурангандардан баш тартпайт, ал үчүн 500 доллар акы алат. Адамга терс таасирин тийгизген жарнамаларды кабыл албайт. 

Алгачкылардан болуп жарнамалоо ишин баштаган Асель Кадырбекова баракчасын 2013-жылы 24-июлда ачып, учурда 1.5 миллион катталуучусу бар. Бир публикациясынын баасы 400-500 долларды түзөт. Ырчы айымдардын арасынан биринчилерден болуп жарнамалоо ишин колго алган Асель айым бүгүнкү күнү инстаграммдын активдүү колдонуучусу. Ал өзгөчө кооз сүрөттөрдү киргизип, катталуучуларын суктандырып турат. Ырчы эне статусуна ээ болгондон бери керектүү нерселерди байма-бай бөлүшүп турат. 

Сындан коркпогон Айпери Кубик кызынын колдонуучуларынын саны 1 миллион. Ал бракчасын 2015-жылы 11-декабрда ачкан. Бир публикациясынын баасы 300 доллардан башталат. Айпери айым коомчулуктун сынынан коркпойт. Ошон үчүн ар кандай видеолорун киргизип элдин талкуусун жаратып турат. Ырчынын кош бойлуу убагында бийлеген видеосу өки күндө эле 500 миң топтогону буга далил. Бул тууралуу "өзүм кандай болсом, ошондой маалымат киргизем",-деп кошумчалап өткөн. Дарегине түшкөн комментарийлерди жазган адамдын дэңгээлине салыштырып коет. 

Арыктатуучу жарнамалардан баш тарткан Айгеримдин колдонуучусунун саны 1.3 миллион. Ал баракчасын 2013-жылы 1-июнда ачкан. Бир публикациясынын баасы 300 доллардан жогору.  Айгерим баракчасына үй-бүлөсүнүн сүрөттөрүн көп киригизе бербейт. Көбүнчө чыгармачылыктагы жаңылыктарынан бөлүшөт. Инстаграмды күйөрмандары менен байланыштырып турган көпүрө деп эсептейт. 

Жашоосундагы жаңылыктарды ачык айткан Чолпон Талипбек баракчасын 2015-жылы 11-октябрда ачкан. Учурда колдонуучуларынын саны 1.2 миллион. Бир публикациясынын баасы белгисиз. 

Баракчасына бир айда бир жолу сүрөт киргизген Мирбек Атабековдун катталуучусунун саны 1.1 миллион. Ал баракчасын 2013-жылы 12-августта ачкан. Бир публикациясынын баасынын так саны жок. Ырчы баракчасына үзгүлтүксүз  пост жазып, сүрөт салбагандыктан инстаграммдан эч качан "миллионер" болом деп ойлогон эмес.

Балдарын инстаграммга чыгарбаган Неля баракчасын 2013-жылы 24-июнда ачкан. Учурда катталуучуларынын саны 1.1 миллионду түзөт. Бир публикациясынын баасы сыр бойдон калды. Бул ырчы баракчасына такыр балдарынын сүрөтүн киргизбегени менен башкалардан айырмаланыпт турат. Баракчасын чыгармачылыктагы жаңылыктары жана ийгиликтери менен бөлүшүү үчүн курал катары колдонот. Мындан сырткары байма-бай дин тууралуу маалыматтарды киргизип турат. 

Жөнөкөйлүктү жактырган Данияр Эрматовдун колдонуучуларыны саны 1 миллион. Ал баракчасын 2014-жылы 17-октябрда ачкан. Бир публикациясынын баасы орто эсеп менен 400 доллар. Данияр ал кезде инстаграмды жакшы өздөштүрө албагандыктан, анын таанышы ачып берген.

Үч баракчасы бар Айдана Деканын катталуучуларынын саны 1 миллион. Баракчасын 2013-жылы 14-октябрда ачкан. Бир публикациясынын баасы 1000 долларга чейин болушу ыктымал. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости