www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЛДПР лидери Владимир Жириновский Орусиядагы демографиялык көйгөйдү көп аялдуулук менен гана чечсе болорун билдирди. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.  

"Славяндарда мурда көп аялдуулук болгон, эмнеге аны буздуңар? Азыр калкыбыздын саны миллиард болуп калмак", - дейт Жириновский.

ЛДПР лидери энелерге каралчу капиталдын көлөмүн көбөйтүүгө каршы чыкты, себеби, анын оюнда бул ыкма өлкөдө төрөлгөндөрдүн санына эч кандай таасир бербейт. Ошондой эле, ал аялдарга керек болсо миллион рублден төлөп берсе да көп төрөбөй турганын кошумчалады.

Эске салсак, Орусияда 2007-жылдан бери "Энелик капитал" программасы иштеп келет. Экинчи же андан кийин төрөлгөн балдар үчүн аялдарга көп балалуу бүлө катары сертификат берилет. Учурда энелик капиталдын көлөмү 453 миң рублди түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости