www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Республика - Ата Журт» фракциясынан ЖК депутаты Таабалды Тиллаев: "Баткендеги чек ара чатагында провокациялык күчтөрдүн кызыкчылыгы бар", деп "АЗИЯnews" гезитине маек курган.

-  Таабалды мырза, Баткендеги азыркы кырдаал боюнча эмне айта аласыз?

- Баткендеги акыркы эки инцидент көрсөттү, ал жерде чек ара маселесинен башка да кандайдыр бир жагдайлар болуп жатат. Провокациялык күчтөрдүн дейбизби, же дагы башка жактардынбы, айтор, кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы болуп жаткандай. Тынч жаткан жарандын үйүн өрттөгөнгө аракет кылышты, ал ишке ашпай калгандан кийин эртеси өз үйүнө кетип бараткан жарандын машинасын талкалашты, күч органдарынын өкүлдөрүнө карата курал коддонуп, атуулар бодду. Андан мурдараак эле Тажикстанда чек ара заставасына кол салуу болгон. Ушуга байланыштуу эки өлкөнүн мамлекеттик комиссияларынын ортосунда жолугушуулар өттү. Мен ойлойм, эки президентке да так маалыматгар жетти. Тажикстандын Кыргызстандагы элчисинин бир күндө жумуштан алынышы ошонун натыйжаларынын бири деп ойлойм. Буга чейин өлкө башчыларына маалыматтар туура эмес, бурмаланган негизде жеткирилип турган. Акыркы жолугушуудан кийин жакшы багытка бурулат деп ишенем.

- Анда чек арадагы абал туруктуу болуусуна кызыкдар эмес күчтөр бар экен да?

- Кечээки жолугушууда эки мамлекеттин башкы прокурорлору, ички иштер министрлигинин, улуттук коопсуздук кызматтарынын жетекчилери жолукканы - бу жөндөн-жөн эмес. Демек, кандайдыр бир маалыматтар бар. Биз комитетте жана палатада бул меселени караганда комиссиядан маалымат угабыз.

-  Биз тараптан камалган төрт жарандын тагдыры кандай болчудай?

- Азыр укук коргоо органдары иликтеп жатышат. «Мыйзамсыз сакталган курал табылды, провокациялык иштер жасалган» деп атышат. Так маалыматты биз чек ара маселесин караганда алабыз. Алар сотгун чечими менен бир айга камалган. Биз кайра карап, үй камагына чыгарууну сунуштадык.

Булак: АЗИЯnews

 

Последние новости