www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз өлкөсүнүн капчыгына түшө турган кызылдай акчалар далайдан бери эле кыйгап өтүп жатканына неге таң калып жатабыз? Ал тургай таасирдүү топтор бажынын каймагын шыпырып жеп жүргөнү боюнча катардагы милисадан тартып, үлкөн жердегилерге чейин билишээрине дагы шек санагандар барбы?
Ошол үчүн тилеги каткан жемкорлор бажынын этегине жабышып алып андан ажырагысы келбей жатпайбы. Нечендеген бажычылар азыр деле эпчилдик ыкмасы менен сол тарапка товарларды өткөрүүгө илешип жүргөнү калп эмес. Нурбек Айбашовдун, Адамкул Жунусовдун кармалышы дагын буларга сабак болбойт. Анткени шылуунчулуктун тамыры тереңдеп кеткен.
Ал эми Токмоктогу бажынын чатагы деле таасир талашуудан келип чыкканы ачык көрүнүп турат. Ал жердин билерманы кабелтең жерден экенине деле күмөн саноого болбостур? Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаевдин ушул чатактан кулагы чыкканы жөн жерден эместир? Эми мунун аягына күч түзүмдөрү кантип чыгаары боюнча “уламыштар” арбыды. Анын үстүнө Дамирбек Асылбек уулу да “Кыргызстан” фракциясынын өкүлү эмес беле? Демек, шектенүүгө негиз бар бекен? Кызыл кекиртек абийирден жогору туруп калганы качан...
Булак: "Ачык сөз"